HRW Түркияны жана Еврошаркетти бозгундагы тажик активисттерин мекенине кайтарбоого чакырды

Сулаймон Давлатов.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Түркиянын жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн бийлигине кайрылып, алардын аймагында баш калкалап жаткан тажик оппозиционерлерин мекенине депортация кылбоого чакырды. Бул тууралуу 16-апрелде «Азаттыктын» тажик кызматы билдирди.

Уюм эгер алар Дүйшөмбүгө өткөрүлүп берилсе кыйноого кабыларын белгиледи.

Аталан өлкөлөр тажикстандыктардын качкын макамын суроо укугун урматташы жана тажик бийлигинин аларды кармоо тууралуу саясий максатты көздөгөн талабын ээрчибеши керектиги айтылды.

Соңку эки айда Түркияда Тажикстанда тыюу салынган «Топ 24» тобунун лидери жана бир нече мүчөсү дайынсыз жоголду. Бул саясий топтун мурдагы активисти Сулаймон Давлатов Литвада кармалды. (RK)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын радарын жок кылганын билдирдиАтатүрк паркындагы курулуштардын ээлерине 30 күн убакыт берилдиЖалал-Абадда, Аксыда үйлөрдү суу каптады"Чет элдик өкүл" мыйзамы: "Соростун" билдирүүсү, бийликтин жообу