БУУ Газага жардам үчүн 2,8 млрд доллар керектигин жарыялады

Газа сектору.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газа секторундагы жай тургундарга жана Батыш жээктеги палестиндерге гуманитардык жардам үчүн 2,8 миллиард доллар чогултуу чакырыгы менен кайрыларын 16-апрелде уюмдун палестин территорияларындагы гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынын башчысы Андреа Де Доменико билдирди.

Анын айтымында, согуштун айынан өтө оор кырдаал түзүлгөн, ачарчылык тооруган Газанын тургундарына азыркы тапта азык-түлүк талап кылынгандан тышкары санитардык шарт жана медицина мекемелеринин абалы да кооптонууну жаратууда.

Абалды эч болбогондо минималдык стандартка жакындатуу, калыбына келтирүү үчүн көп аракет талап кылынып жатканы, бул ишти согуш шартында жүргүзүү оор экени белгиленди.

Андреа Де Доменико Газада ооруканалар, суу менен камсыздоо жана канализация системалары, үйлөр, жолдор, мектептер талкаланганын айтып, сектордо бир да университет жок экенин кошумчалады. (RK)

Дагы караңыз

Былтыр 14 турак жай кооперативине кылмыш иши козголгонПрокуратура Ататүрк паркына тиешелүү маселенин мыйзамдуулугун карап чыгатОрусиядан бир жылда 180 миңдей кыргызстандык кайтты Украина Черниговдо ракеталык чабуулдан жай тургундар каза болгонун билдирди