Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Украина Черниговдо ракеталык чабуулдан жай тургундар каза болгонун билдирди


Чернигов. Архивдик сүрөт.
Чернигов. Архивдик сүрөт.

Украинанын жалпы аймагында 17-апрелде эртең менен абадан кол салуу тууралуу эскертүү берилгенден көп өтпөй өлкө түндүгүндөгү Чернигов аймагында бир нече жерде жарылуу болгонун «Азаттыктын» украин кызматы жазды.

Көп киши жарадар болгону, арасында каза тапкандар да бар болушу ыктымал экени кабарланууда.

Чернигов облусунун губернатору Вячеслав Чаус Орусиянын чабуулу эртең мененки саат 8:50дө болгонун, Чернигов шаарынын борбордук бөлүгүнө жакын жерге үч жолу ракеталык сокку урулганын, жай тургундар арасында каза болгондор бар экенин билдирди.

Соңку расмий маалыматка караганда, каза болгондор кеминде сегизге жетти.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын февралында кабылган. Өлкө президенти Владимир Зеленский 14-апрелде да союздаштарына кайрылып кошумча жардам сурады жана «жардам жетпеген ар бир күн көп сандаган кыйроого, өмүрлөрдүн талкаланышына алып келип жатканын» айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG