Сот актер Чыңгыз Мамаевди актоо өкүмүн чыгарды

Чыңгыз Мамаевге байланыштуу соттук отурум. 6-сентябрь, 2022-жыл.

17-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” жана “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренелери менен шек саналып жаткан актер Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча өкүм чыгарып, актады. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Бишкек шаардык соту 2023-жылдын январь айында анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

2022-жылдын 1-апрелинде Дулат Кожоев аттуу адам үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан. Актердун жубайы буга чейин биологиялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкканын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Оманда сел 18 кишинин өмүрүн алды, БАЭде нөшөр жаандан кийин абал оорлодуЖалал-Абад: Жаандан улам Көк-Арт дарыясында суу көтөрүлдү Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миңден аштыГрузияда «чет өлкөлүк агент» мыйзамына каршы акцияда дагы 11 киши кармалды Бир катар майрам күндөрүн жумуш күнү деп бекитүү сунушталдыАба ырайы: күн ачык болотPACE Косовону Еврокеңешке мүчөлүккө чакырууну сунуш кылды