"Ишенбай Абдуразаков Кыргызстанга Жапониянын эшигин ачкан"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чыгаан дипломат, ойчул, мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун көзү тирүү болгондо быйыл 87ге чыкмак. Замандаштары дипломатты дүйнөдөгү даанышмандардын катарында баалап, анын өрнөктүү өмүрүн, акыл ойлорун кийинки муун дагы билүүгө милдеттүү экенин айтышат. Бүгүн биз чыгаан дипломатты замандаштары, коомдук ишмерлер Накен Касиев жана Эмил Каптагаев менен чогуу эскеребиз.