Ат-Башыда катуу шамалдан төрт киши жараат алды

Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.

10-май күнү Нарындын Ат-Башы районунда катуу шамал жүрүп, ылдамдыгы секундасына 24, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун аймагында соккон шамалдын ылдамдыгы 18 метр секундага чейин жеткен.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.

Шамалдан улам, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын имараты баштаган алты социалдык мекеменин жана 36 менчик үйдүн чатыры кыйраган.

Төрт адам жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген. Алардын кандай жараат алганы маалымдалган жок.


Кайрылуулар түшкөн аймактарда, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери Жарандык коргонуу комиссиялары менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

28-мартта Бишкек, Чүй аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен шамал болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап, автоунааларды басып калганы тартылган сүрөт-видеолорду жарыялашкан.

Шамалдан борбор калаа Бишкектин тарткан чыгымы 16 млн сом, ал эми Чүй облусуна келтирилген чыгым 28,5 млн сом деп эсептелген.(ZKo)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров бала бакчаларды кабат үйлөрдүн алдына ачууну сунуштады"Атам 40 жылга Сибирге айдалса да апам аны күткөн экен"Кемпир-Абад иши: Абактагылар соттогу басымга даттандыОрусиядан жүз бурган Арменияда митингдер башталдыЖүрөктүн тубаса кемтиги. Экология менен салттын таасири