Министр дары-дармек тартыштыгына байланыштуу түшүндүрмө берди

Алымкадыр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда айрым дары-дармектер тартыш болуп жатканы тууралуу жагдайга түшүндүрмө берди. Ал 13-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде сүйлөгөн кезинде бул маселе каржыга байланыштуу экенин айтты.

Айрым депутаттар мамлекеттик "Эл Аман" дарыканаларында кээ бир дарылар кымбат же такыр жоктугун белгилешип, жарандар чет элден буйрутма менен алууга мажбур болуп жатканын билдиришти.

Бейшеналиев ооруканалардын ичине "Эл Аман" дарыканаларын ачууга бюджеттен акча бөлүнбөгөнүн, демөөрчүлөрдүн жардамында ачылып жатканын айтты. Ал эми дары-дармектер менен толук камсыздоо жагы акырындык менен чечилип келатканын кошумчалады.

Кыргызстандын айрым аймактарындагы ооруканаларда дары-дармектин камы түгөнүп баратканы тууралуу маселе марттан бери айтыла баштаган. Анда министр Бейшеналиев бул маалыматтарды четке кагып, өлкөдөгү 290 оорукананын баары дары-дармек менен 100% камсыздалганын айткан.

Кыргызстанда мамлекеттик дарыканаларды ачуу чечими 2023-жылы кабыл алынып, “Кыргызфармация” ишканасы түзүлгөн. Ал мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат. Буга чейин ооруканалар дарыларды тендер аркылуу квартал сайын өздөрү сатып алып турушкан.

Учурда өлкө аймагында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларынын саны 85ке жеткен. (SE)

Дагы караңыз

Сирияда согушка катышкан деп шек саналган кыргызстандык Түркиядан кармалдыНарын дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү табылып, дагы бир кыз изделүүдөИИМ жол кырсыктарынын 92% айдоочулар күнөөлүү экенин билдирди