Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Нарын дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү табылып, дагы бир кыз изделүүдө


Төрт жаштагы кызды издөө иштери.
Төрт жаштагы кызды издөө иштери.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Нарын дарыясына түшүп кеткен алты жаштагы баланын сөөгү 11-майда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында дарыянын жээгинен табылганын билдирди.

Бала 23-апрелде Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылынын Акшаар участогунда Нарын дарыясына агып кеткен.

Министрлик ушул күндөрү Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинен дайынсыз жоголгон төрт жаштагы кызды издөө иштерине 135 адам тартылганын кабарлады. Жалпы 35 куткаруучу, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 90 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 10 адам издөө иштерине чыкты. 12-майда Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинен 2019-жылы туулган (Ж.Р.) кыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин маалыматында, былтыр 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы 12 жашка чейинки балдар. (BTo)

XS
SM
MD
LG