23-август: Орусияда түрмөдө тополоң чыкты, экс-депутат Айдаровго издөө жарыяланды

Волгоград облусундагы №19 катаал режимдеги түрмөдөгү тополоңду басууга келген атайын күчтөр, 23-август, 2024-жыл

23-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Орусиянын Волгоград облусунда катаал режимдеги түрмөдө тополоң чыкты

23-августта Волгоград облусундагы №19 катаал режимдеги түрмөнүн барымтага алынган кызматкерлери бошотулуп, кылмышка шектүүлөр жок кылынганын Росгвардия билдирди. Маалыматка караганда, "Ислам мамлекети" террордук тобуна тиешеси бардыгын айткан абакта отурган төрт соттолуучу түрмөнүн кызматкерлерин барымтага алышкан. Орусиялык Телеграм-каналдар Жаза аткаруу кызматындагы булактарына таянып, барымтага алгандар Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары экенин жазышты. Азырынча бул маалымат расмий ырастала элек.

УКМК экс-депутат Нургазы Айдаровго издөө жарыялады

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштеринде ал эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, анын ичинде өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевдин ишмердигин каржылап турганы аныкталган. Бишкектин Октябрь райондук соту 8-августта анын иниси Салайдин Айдаровду 4-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камаган. УКМК ушул эле берене менен Ошто ишкер катары таанылган мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаевди да кармап, ал да Бишкектин Октябрь райондук сотунун 8-августтагы чечими менен 4-сентябрга чейин камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

Газа: Израилдин аба соккуларынан 16 кишинин өмүрү кыйылды

Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, 23-августка караган түнү жасалган израил армиясынын аба соккуларынан кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылды. Ал-Акса ооруканасына түшкөн сөөктөрдүн арасында үч баланыкы да бар экенин Associated Press агенттигинин журналисти өз көзү менен көргөнүн кабарлады. ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп саналган) уюмунун 7-октябрдагы чабуулуна жооп катары башталган израил армиясынын операциясы Газада он айдан бери 40 миңдей палестиндин өмүрүн алды.

Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишин кароо 30-августка калды

Буга айыпталуучулардын экөө Азимбек Бекназаров менен Илгиз Шаменов мамлекеттик жактоочу сураганы негиз болду. Шаардык соттогу отурумдар 6-августта башталган. Ал күнү Бекназаров менен Шаменов келбей калганы үчүн жылып кеткен. 14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган. Мындан соң прокуратура шаардык сотко кайрылган.

Өзгөндө 14 жаштагы кыз төрөп, 21 жаштагы жигит шектүү катары кармалды

Ош облустук милициясынын маалыматында айтылгандай, кош бойлуу өспүрүм көз жаруу үчүн төрөтканага келген. Оорукана кызматкерлери дароо милицияга кабар беришкен. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Өзгөн районунун тургуну. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Мадумаровдун ордуна Аккулу Бердиев Жогорку Кеңешке депутат болду

Тиешелүү чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 23-августтагы отурумда бир добуштан кабыл алды. Быйыл 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Жети ай УКМКнын тергөө абагында отурган Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ошол эле 26-апрель күнү соттун чечимин негиз кылып Мадумаровду мандатынан ажыраткан.

Украина: Абадан коргонуу системасы орус армиясынын дрон чабуулунун мизин кайтарды

Маалыматка караганда төрт облуста орус армиясынын 16 дронунун 14ү атып түшүрүлгөн. "Зениттик системалар Черкасс, Кировоград, Полтава жана Сумы облусунда иштеди" - деп жазылат армиянын билдирүүсүндө. Жабыркагандар жана курман болгондор тууралуу маалыматтар чыккан жок. Ошол эле убакта Изюм районуна жасалган орус армиясынын соккусунан эки кишинин өмүрү кыйылып, бирөө жараат алганын Харьков облусунун бийлиги билдирди.

Камала Харрис демократтардын атынан АКШ президенттигине расмий талапкер болду

Демократиялык партиянын Улуттук курултайында сүйлөгөн тарыхый сөзүндө АКШнын вице-президенти, ноябрда өтүүчү президенттик шайлоого расмий аттанган Камала Харрис Украинанын аскердик жактан колдоого жана НАТОну бекемделишине салым кошууга убада берди. 59 жаштагы Камала Харрис өз атаандашы, Республикачыл партиядан президенттике ат салышып жаткан Дональд Трампты авторитардык лидерлерге кошоматтанганы үчүн кескин сынга алды.

Жалал-Абадда 12 жаштагы өспүрүмдү сабаган аял кармалды

Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматында айтылгандай, Сузак районунун Октябрь айылынын убактылуу жашоочусу, 33 жаштагы Ю.Я. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, 17-август күнү, саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Плаза” соода борборунда 12 жаштагы уулун белгисиз аял уруп-сабап салганына даттанган. Кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну, 30 жаштагы А.Н. аттуу аял кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.

Сузак округу боюнча шайлоого катышууга арыздарды кабыл алуу аяктады

Жалпы 15 киши – 12 эркек, 3 аял арыз берди. Ушул күнгө чейин алардын алтоо талапкер катары катталып, төртөө берген арыздарын кайтарып алышты. Талапкерлердин толук документтерин кабыл алуу 25-августка чейин уланат. Шайлоо 22-сентябрда өтөт. Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшыруу арызын жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.

Өзбекстан Ооганстандын Мазари-Шариф аймагында алты миллион долларга медресе курат

"Хайр ал-Мударис Имам Бухари" деп аталган медресе миңдей окуучуга билим берери маалым болду. Ооган медиасы жазгандай, медресенин курулушу алты миллион долларга бааланууда. Имарат бир жылда курулуп бүтөрү пландалып жатат. Белгилүү болгондой, медресенин курулушу быйыл март айында Ооганстанда бийликте турган "Талибан" өкмөтү менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидовдун ортосундагы сүйлөшүүлөрдө макулдашылган.

Бишкекте балдардын диний лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын диний лагери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Аталган диний мекеме өз ишмердүүлүгүн уруксаты жок жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында (ДИМК) каттоосу жок жүргүзүп келген. Анда жашы жете элек балдар, негизинен кыз-келиндер билим алганы такталды.

Кыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйдү

2024-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн долларды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин соңку маалыматтарында айтылат. Мунун ичинен 4 млрд 501,8 млн доллар тышкы карыз, анын негизги бөлүгү – Кытайдын Экспорт-импорт банкына берилүүчү 1 млрд 660,64 млн доллар. Ал эми 1 млрд 860,14 млн доллар ички карыз, бул мамлекеттик баалуу кагаздар.

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары 30 миңдей абитуриентти кабыл алды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи айлампасы 15-июлда башталып, бешинчи айлампасы 17-августта аяктады. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда мектепти 2023-2024-окуу жылын 11-классты 76 миң 244, 9-классты 127 миң 176 бүтүрүүчү аяктаган.