Бишкекте Кыргызстандын тигүү тармагында алектенген ишканалардын өкүлдөрү үчүн атайын окутуу программасы уюштурулду. Бул акселерациялык программа алкагында ишинде ийгиликке жетишкен компаниялар жаңыдан иштей баштагандарга бизнесин илгерилетүүнүн жолдорун айтып беришкенин 24-мартта "Азаттыкка" Швейцария элчилигинен кабарлашты.
Алты апта бою тигүүчүлүк бизнесиндеги маркетинг, алдыга жылдыруу, документ жүргүзүү, өндүрүш процессин жакшыртуу, маркетплейстерди колдонуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу багыттар боюнча окуу жүргүзүлүп, аны элчиликтин колдоосу менен Accelerate Prosperity ишке ашырды.
Жалпысынан 167 ишкер катышып, алардын арасынан 8 компания 80 жумуш ордун ачты, 14 компания кирешесин 22% көбөйтө алды, 16 компания 153 B2B кардарды тартты жана дагы жети компания 10 жаңы продукт, кызмат иштеп чыкты.
Тармактын эң мыкты эксперттери тартылып, алар өз тажрыйбасы менен бөлүштү, тигүү цехтерине барып, жеринен окутуу уюштуруп беришти.
Швейцариянын элчилигинин экономика боюнча улуттук координатору Айым Бийназарова ишкердиктин бул түрүн колдоо өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө инвестиция экенин белгиледи:
"Биз акселерациялык программанын жыйынтыгы жана анын бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери менен сыймыктанабыз. Заман талабына ылайык жаңы технологияларды колдонуп, өзгөрмө базар шартында керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына жооп берүү — ийгиликтүү бизнестин ачкычы".
Тигүү тармагы Кыргызстандын экономикасындагы негизги багыттардын бири, ал бюджет түзүүчү, артыкчылыктуу багыт экенин өкмөт белгилеп келет. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстан 2030-жылга чейин кургак учукту азайтууну көздөйтВашингтон менен Киев "мазмундуу" сүйлөшүү жүргүздү, кезекте АКШ-Орусия жолугушуусуСалык кызматынын мурдагы төрагасы менен орун басары камакта калдыЮНЕСКОдо Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалы айтылды