30-сентябрдын аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 1-2-октябрларда Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жайт. Дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. 2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-3° чейин түшүп үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

30-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 20…22° жылуу болот.

Дагы караңыз

Түркмөнстандын мурдагы башкы прокурору Атажанова абакта каза болдуМинистр Кулубаев АКШнын өкүлү менен санкция, виза маселесин талкууладыМосква облусунда дрон чабуулунан эки киши каза болдуМолдовадагы парламенттик шайлоодо президент Сандунун партиясы утту