"Ылдамдык кескин азайды". Интернеттеги көйгөйгө эмне себеп?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Freedom House укук коргоо уюму "Интернет эркиндиги 2025" деген баяндамасын жарыялап, Кыргызстан "жарым-жартылай эркин" интернети бар Борбор Азиядагы жалгыз өлкө катары аталды. Бул баяндама Кыргызстанда интернет ылдамдыгына байланыштуу нааразылык көп айтыла баштаган учурга туш келди. Мунун алдында Кыргызстанда эл аралык интернет трафигине мамлекеттик монополия киргизилген. Интернетти жеткирүү, таратуу жана трафиктин транзитине жалгыз укук “Элкат” мамлекеттик компаниясына берилген эле.