Шайлоо: Жолдошева элге, Чыныбаева менен Карабекова сотко кайрылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бул жолку Жогорку Кеңешке шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң кымбат саясий өнөктүктүн бири болуп, талапкерлер 1,5 млрд сом коротту. Бул арада парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча теришитирүүлөр уланып жатат. АКШнын чабармандары Украинадагы согушту жөнгө салуу максатында чөлмөк дипломатиясын улантууда. Майамиде Вашингтон менен Киевдин делегациялары тынчтык планын талкуулап бүткөнү тууралуу бейрасмий кабарлар чыкты. Камактагы Кадырбек Атамбаев менен Темирлан Султанбековдун адвокаты Нурбек Токтакунов тергөөчүлөрдөн шектүүлөргө кылмыш иши козголгону жана тинтүү жүргөнү тууралуу токтомду ала албай жатканын айтты.