Будапешт Евробиримдик сунуштап жаткан Украинаны каржылоо боюнча "Б планын" бөгөттөдү. "Б планы" - эгер Орусиянын тоңдурулган активдерин Украинага берүү сунушу ишке ашпай калса сунуштала турган кошумча план.
Politico агенттиги Будапешт жалпы европалык облигациядан 90 млрд еврону Украинага жардам катары эмиссиялоого каршы чыкканын маалымдады.
Венгриянын каршылыгы учурда Евробиримдикте Украинага келерки жылы көрсөтүүчү жардам боюнча башка планы жоктугунан кабар берет. Будапешттин чечимине Орусиянын тоңдурулган активдери жайгашкан Euroclear борбору орун алган Бельгия макул эмес. Брюссель Орусия өзүнүн активдерин кайтарып берүүнү Евробиримдиктен эмес, Бельгиядан талап кылат деп кооптонууда.
Жума күнү кечинде Германиянын канцлери Фридрих Мерц Бельгиянын өкмөт башчысы Барт де Вевер менен бул маселени талкуулоо үчүн жолугары кабарланган.
Bloomberg агенттиги өз булагына таянып, АКШ Евробиримдиктеги айрым өлкөлөрдү "репарациялык насыядан" баш тартууга үндөп, Орусиянын тоңдурулган активдери келечекте тынчтык келишимин түзүүгө зарыл болорун, акча согушту улантууга колдонулбашы керектигин белгилегенин жазды.
Бирок кайсы өлкөлөрдө сүйлөшүүлөр болгону такталган жок. АКШ сунуштап жаткан тынчтык пландарынын бирине караганда, Орусиянын тоңдурулган 100 млрд доллары Украинаны калыбына келтирүүгө сарпталат, АКШ мындан 50% пайда көрүшү мүмкүн.
Москва өзүнүн каражаты кандай гана жолдор менен болбосун конфискациялоого жатпасын белгилеп, аны Украинанын пайдасына колдонуу уурулук деп саналарын эскертип келет.
Орусия Украинага 2022-жылы 22-февралда басып кирген.
Венгрия Украинаны каржылоо боюнча "Б планын" бөгөттөдү
Виктор Орбан, Венгриянын премьер-министри