Активист Мавлян Аскарбеков милицияга чакырылганын билдирди

Мавлян Аскарбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон активист Мавлян Аскарбеков милицияга чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 6-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Аскарбеков “Азаттыкка” кабарлагандай, ага Бишкектин Ленин райондук милициясынан чалышып, чакырышкан. Алар активисттин парламенттик шайлоодон кийин “ПолитКлиника” порталындагы талкуу учурундагы айткандары боюнча башка талапкерлердин бири арыз жазганын айтышкан.

Мавлян Аскарбеков талкууда эч бир адамдын кадыр-баркына шек келтирбегенин билдирүүдө.

Милиция активисттин чакырылышы боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн. Аскарбеков ага №23 округдан катышкан жана, БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, добуштардын 0,81% (285 добуш) алган. Бул округдан алдыга чыккандар - Элвира Сурабалдиева, Марлен Маматалиев жана Умбеталы Кыдыралиев.

Дагы караңыз

Ыргал Кадыралиева ага мандат бербөө аракети көрүлүп жатканын айттыКара-Сууда Жолдошованын тарапкерлери чогулуп, президентке кайрылышты№8 округ боюнча аймактык комиссиянын талаштуу чечимин БШКнын жумуш тобу карайтЕврокомиссия Илон Маскка таандык X соцтармагына айып пул салды