Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрдагы жыйынында бир катар округдар боюнча шайлоонун жыйынтыгын тааныган чечим кабыл алды. Ага ылайык, төмөнкү талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаттары деп катталды:
№ 1 шайлоо округу боюнча:
- Ажибаев Чыңгыз Ильяскожоевич – 10 476 добуш (18,18%);
- Жороев Исманали Эгембердиевич – 8 715 добуш (15,12%);
- Талиева Камила Абдыразаковна – 5 377 добуш (9,33%).
№3 шайлоо округу боюнча:
- Рысбаев Равшанбек Рысбаевич – 10 440 добуш (19,27%);
- Аматов Жаныбек Женишбекович – 5 850 добуш (10,80%);
- Мавлянова Махабат Эргешовна – 3 953 добуш (7,30%).
№4 шайлоо округу боюнча:
- Рустамбек уулу Советбек – 11 899 добуш (20,35%);
- Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич – 9 996 добуш (17,09%);
- Алимжанова Нилуфар Якубжановна – 4 264 добуш (7,29%).
№6 шайлоо округу боюнча:
- Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович – 13 826 добуш (26,78%);
- Эргешов Бекмурза Аскарбаевич – 9 022 добуш (17,48%);
- Аманова Санталат Абдылдаевна – 3 478 добуш (6,74%);
№7 шайлоо округу боюнча:
- Козуев Алишер Абибиллаевич – 20 672 добуш (41,45%);
- Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович – 7 711 добуш (15,46%);
- Машрапова Гүлай Эгемназаровна – 3 478 добуш (6,97%).
№12 шайлоо округу боюнча:
- Чолпонбай уулу Бекмырза – 16 335 добуш (27,44%);
- Масабиров Талайбек Айтмаматович – 9 945 добуш (16,71%);
- Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна – 2 517 добуш (4,23%).
№14 шайлоо округу боюнча:
- Борбиев Болотбек Ибраимович – 13 445 добуш (24,92%;;
- Сулайманов Кундузбек Кошалиевич – 12 064 добуш (22,36%);
- Култаева Гулшаркан Оконовна – 6 415 добуш (11,89%);
№17 шайлоо округу боюнча:
– Азыгалиев Нурланбек Асанбекович - 12 020 добуш (24,71%);
– Узакбаев Улукбек Камчибекович - 10 766 добуш (22,13%);
– Эсенаманова Чолпон Замирбековна - 4 714 добуш (9,69%).
№18 шайлоо округу боюнча:
- Ханджеза Карим Лемзарович – 7 893 добуш (16,33%);
- Чомоев Бакыт Муратбекович – 6 906 добуш (14,28%);
- Сатиева Гүлжан Эркинбековна – 5 142 добуш (10,64%);
№19 шайлоо округу боюнча:
– Алиев Медербек Кубанычевич – 5 532 добуш (13,09%);
– Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич – 5 316 добуш (12,58%);
– Тайгараева Эдита Каныбековна – 1 397 добуш (3,31%).
№23 шайлоо округу боюнча:
- Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна – 11278 добуш (27,66);
- Маматалиев Марлен Абдырахманович – 6932 добуш (17,00%);
- Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич – 6448 добуш (15,81%).
№25 шайлоо округу боюнча:
- Шабазов Бахридин Валиевич–10 062 добуш (22,01%);
- Тентишев Бакыт Эркинович – 7 108 добуш (15,55%);
- Сейтказиева Эркеайым Алымовна – 3 225 добуш (7,05%);
Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин 13 шайлоо округу боюнча жыйынтыкты таанып, жеңүүчүлөрдү бекиткен. Ошону менен жалпы 29 округ боюнча жыйынтык кабыл алынды. Ал эми 13-округда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген негизде Боршайком жыйынтыкты жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындаларын билдирди.
Мыйзамга ылайык, БШК шайлоо күнүнөн кийин эки аптанын ичинде шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, шайланган талапкерлерди жарыялашы керек.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келиши керек. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.