Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрдагы жыйынында бир катар округдар боюнча шайлоонун жыйынтыгын тааныган чечим кабыл алды. Ошону менен жалпысынан 29 округдун шайлоо жыйынтыктары бекитилди. Дүйшөмбү күнкү жыйынга ылайык, төмөнкү талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаттары деп катталды:
№ 1 шайлоо округу боюнча:
- Ажибаев Чыңгыз Ильяскожоевич – 10 476 добуш (18,18%);
- Жороев Исманали Эгембердиевич – 8 715 добуш (15,12%);
- Талиева Камила Абдыразаковна – 5 377 добуш (9,33%).
№3 шайлоо округу боюнча:
- Рысбаев Равшанбек Рысбаевич – 10 440 добуш (19,27%);
- Аматов Жаныбек Женишбекович – 5 850 добуш (10,80%);
- Мавлянова Махабат Эргешовна – 3 953 добуш (7,30%).
№4 шайлоо округу боюнча:
- Рустамбек уулу Советбек – 11 899 добуш (20,35%);
- Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич – 9 996 добуш (17,09%);
- Алимжанова Нилуфар Якубжановна – 4 264 добуш (7,29%).
№6 шайлоо округу боюнча:
- Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович – 13 826 добуш (26,78%);
- Эргешов Бекмурза Аскарбаевич – 9 022 добуш (17,48%);
- Аманова Санталат Абдылдаевна – 3 478 добуш (6,74%);
№7 шайлоо округу боюнча:
- Козуев Алишер Абибиллаевич – 20 672 добуш (41,45%);
- Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович – 7 711 добуш (15,46%);
- Машрапова Гүлай Эгемназаровна – 3 478 добуш (6,97%).
№12 шайлоо округу боюнча:
- Чолпонбай уулу Бекмырза – 16 335 добуш (27,44%);
- Масабиров Талайбек Айтмаматович – 9 945 добуш (16,71%);
- Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна – 2 517 добуш (4,23%).
№14 шайлоо округу боюнча:
- Борбиев Болотбек Ибраимович – 13 445 добуш (24,92%;;
- Сулайманов Кундузбек Кошалиевич – 12 064 добуш (22,36%);
- Култаева Гулшаркан Оконовна – 6 415 добуш (11,89%);
№17 шайлоо округу боюнча:
– Азыгалиев Нурланбек Асанбекович - 12 020 добуш (24,71%);
– Узакбаев Улукбек Камчибекович - 10 766 добуш (22,13%);
– Эсенаманова Чолпон Замирбековна - 4 714 добуш (9,69%).
№18 шайлоо округу боюнча:
- Ханджеза Карим Лемзарович – 7 893 добуш (16,33%);
- Чомоев Бакыт Муратбекович – 6 906 добуш (14,28%);
- Сатиева Гүлжан Эркинбековна – 5 142 добуш (10,64%);
№19 шайлоо округу боюнча:
– Алиев Медербек Кубанычевич – 5 532 добуш (13,09%);
– Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич – 5 316 добуш (12,58%);
– Тайгараева Эдита Каныбековна – 1 397 добуш (3,31%).
№23 шайлоо округу боюнча:
- Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна – 11278 добуш (27,66);
- Маматалиев Марлен Абдырахманович – 6932 добуш (17,00%);
- Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич – 6448 добуш (15,81%).
№25 шайлоо округу боюнча:
- Шабазов Бахридин Валиевич–10 062 добуш (22,01%);
- Тентишев Бакыт Эркинович – 7 108 добуш (15,55%);
- Сейтказиева Эркеайым Алымовна – 3 225 добуш (7,05%);
Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин 13 шайлоо округу боюнча жыйынтыкты таанып, жеңүүчүлөрдү бекиткен.
Ал эми 13-округда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген негизде Боршайком жыйынтыкты жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындаларын билдирди.
Айрым доо арыздар канааттандырылган жок
8-декабрда Боршайком дагы бир талаш жараткан 26-округ боюнча да чечим кабыл алды. Ага чейин бул округдан жеңүүчү катары Медербек Саккараев, Эркинбек Исеналиева жана Жамийла Исаева табылды.
Бул округ боюнча арыз берген Элдар Абакиров баштаган талапкерлерге БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров сотко кайрылууну сунуштады.
Элдар Абакиров менен Акжол Исаев ага чейин талапкер Медербек Саккараевдин үгүтчүлөрү акча таратканы тууралуу арыз жазган.
Бул округдан талапкер Элдар Абакиров БШКга жана укук коргоо органдарына кайрылып, ушул аймакта таратылганы аныкталган 460 миң сомдун чоо-жайын, айрым тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып жатканын териштирүүнү талап кылган.
“Аны менен маселе чечилбейт. Анткени, мыйзамда так жазылып турат. Биринчиден, бул Саккараевдин биринчи мыйзам бузуусу эмес. 20-ноябрда бир агитатор акча таратканы аныкталган. Бул экинчи мыйзам бузуу болуп жатат. Талапкер четтетилиши керек. Далилдер, беренелер жетиштүү. Жергиликтүү шайлоо комиссиянын чечимдери бар. Кылмыш иш козголгон. Акча берилгени ырасталды. 460 миң сомду бирөө жөн эле таратса, анда бул таза шайлоо деп айтып кереги жок. Анда кайдагы мыйзамдуу шайланган ЖК болуп жатат?”.
Ички иштер министрлигинин өкүлү, Чүй облустук башкармалыгынын адиси Улан Зикиралиев бул арыздын негизинде акча таратты делген Нурлан Шаршеналиев суракка алынганын билдирди.
Ал аты аталган үгүтчү "жеке кызыкчылыгынан улам акча таратканын, ал тууралуу Саккараев билбегенин", тергөө уланып жатканын айтты:
"Шаршеналиевдин аракеттери пайда табуу максатында болуптур. Ошон үчүн шайлоочулардын добушун сатып алып жатат. Акча таратып берүү учурунда кармалды, 309 миң сом накталай акча менен. Азыркы учурда ушул Шаршеналиев Нурландын Саккараевге тиешеси бар экени иштин жагдайында аныкталган жок".
- Сиз айтып кеттиңиз, ушул Шаршеналиев өз кызыкчылыгынын аргасында жасаптыр деп. Кандай пайда көрөт экен ал?
- Кандидат депутаттыкка өтсө бир материалдык кызыкчылыгы бар имиш...Өзүнүн көрсөтмөсүндө башка эч нерсе айтпады...
- Мындай логикага дал келбей жатат да...
Жыйында отурган талапкерлер Элдар Абакиров менен Акжол Исаев алардын үгүтчүлөрү Шаршеналиевди машинеси менен Саккараевдин штабынын жанынан бир нече ирет көргөнүн билдирип, жакында тергөөгө бул тууралуу фото, видео көрсөтөрүн айтышты.
“РИИБден келген маалымат менен булардын маалыматын тактайбыз. Азыр биз чечимди кабыл алган жокпуз. Талкуу жүрүп жатат. Бизге арыз бергендер айтып жатат, ошол округдун шайлоосун жокко чыгарып, анан талапкерге чара көргүлө деп. Ал боюнча алсак акча таратканы чыкты, бирок ал таллапкерге тиешеси жок болуп жатат, үгүтчү катары тизмесинде да жок. Бирок биз талапкерлерге видео алып келгиле деп айттык”, - деди БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев.
Жумушчу тобу мындан тышкары №19 шайлоо округунан талапкер Рысгүл Акимжанованын жазган арызын карап, далилдер жетишсиз деген негизде канааттандыруудан баш тартты.
Анда Акимжанова ал шайлоого катышкан округда башка талапкерлер тарабынан добуш сатып алуу фактылары болгону тууралуу билдирген.
Жыйында №8,9 округдун маселеси каралган жок. Узарбек Жылкыбаев алар күн тартибинде болбогонун айтты.
"Ушул округдар кирген жок повесткага. Эмне үчүн? Ал мыйзамда бар. Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын отурумдарынын жыйынтыгынан кийин эки күн өтүшү керек".
- Орунбеков пост жарыялады жокко чыгарылды деп.
"Талапкерлерге, мамлекеттик кызматкерлерге айтат элек. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын пресс-катчысынан, бизден алып анан таркатсаңар. Анткени кээ бир мамлекеттик кызматкерлер жарыя кылып мыйзамды бузуп жатышат".
БШК Жолдошова менен Кадыралиеваны каттаган жок
Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алды. Бул округдан жеңүүчү катары Жанар Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Төрөбекованын таануу боюнча токтом долбоорун сунуштап, ага БШКнын 11 мүчөсү макул болуп добуш берди.
Борбордук шайлоо комиссиясы бул округдан талапкер болгон Жылдызкан Жолдошованы депутат кылып каттаган жок. Ага аталган округдун ичинен №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганы себеп болгон. Жолдошова “Азаттыкка” комментарий берип, БШКнын чечимине каршы сотко даттана турганын айтты:
“Менин добуштарым жасалма жазылган арыздардын негизинде жокко чыгып кетти. Эки арыз 2-ноябрда жазылган. Ал эми шайлоо 30-ноябрда өттү. Эми сотко арыз жазам”.
Жылдызкан Жолдошова ат салышкан округдан №5249 жана №5514 тилкелеринен жалпысынан 1009 добушу жокко чыгарын, муну анын парламентке келишин каалабаган айрым адамдар кылып жатканын билдирүүдө.
“Биринчиден, №8 округдагы иштерди аймактык шайлоо комиссиясы карап жатканын билген жокпуз. Экинчиден, алар бизди чакырган эмес, кабар бербестен туюк карап, мыйзамсыз иштерге аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мамыт Молдобаев барды. Мен азыр күч органдарына кайрылып жатам. Ошол аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин текшерип, эгер алар мыйзам бузса чара көргүлө деп. Керек болсо камаш керек”.
Жолдошова бийликке кайрылып, эгер четтетиле турган болсо ордуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун жээни Нуржамал Төрөбекова келиши ыктымал экенин айткан.
Шайназаров Жолдошованын дооматына жооп берип, аймактагы туугандык байланыштарын айтып, керек болсо Жылдыз Жолдошова өзү дагы ага тууган болорун белгилеген. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Жолдошова жалпы 2941 добуш алган, анын көбү жыйынтыгы жокко чыгарылган тилкелерден топтолгон.
Бул күнү БШК талаштуу №9 округ боюнча да шайлоо жыйынтыгын бекитти. Бул округдан буга чейин гендердик квота боюнча шайлоодо алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталды.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына №9 шайлоо округунан талапкер болуп, аялдар арасынан алдыга чыккан Ыргал Кадыралиева 6-декабрда президент Садыр Жапаровго кайрылып, айрым тилкелердин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин калыс териштирүүгө көмөк сураган.
Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин 5-декабрда №16 шайлоо округу боюнча жыйынтыкты таанып, жеңүүчүлөрдү бекиткен. Ошону менен жалпы 29 округ боюнча жыйынтык кабыл алынды. Ал эми 13-округда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген негизде Боршайком жыйынтыкты жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындаларын билдирген. Бул чечимге байланыштуу айрым талапкерлер БШКнын чечимин сотко берген.
Мыйзамга ылайык, БШК шайлоо күнүнөн кийин эки аптанын ичинде шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, шайланган талапкерлерди жарыялашы керек.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келиши керек. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.
Шерине