АКШдан депортацияланган орусиялыктар Москвага жеткирилди

АКШдан депортациялангандарды ташыган учак. (архивдик сүрөт)

9-декабрга караган түнү Москвага АКШдан депортацияланган орусиялыктарды алып келген учак конду. Орус жарандары АКШдан Египет аркылуу чыгарылып, Орусияга жеткирилген.

Бул тууралуу “Агентство” басылмасы Russian America for Democracy in Russia уюмунун жетекчиси Дмитрий Валуевге таянып кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, ушуну менен быйылкы жылы үчүнчү ирет орус жарандары АКШда депортацияга туш болду.

“Медиазона” басылмасы жазганына караганда, бул жолу 64 орус жараны депортация болуп келди. Басылманын өз булагы билдиргенине караганда, учак конор замат анын жүргүнчүлөрүнө аскердик комиссариатка чакыруу кагазы берилди. Алардын арасында кармалгандар барбы, азырынча белгисиз.

Египеттин баш калаасы Каирге орус жарандары Аризонадан атайын рейс менен жеткирилген. Каирде аларга телефон, жеке буюмдар берилгенден кийин конвойдун коштоосунда Москвага жиберилген.

Сентябрда оппозиция өкүлдөрү Владимир Кара-Мурза, Юлия Навальная жана Илья Яшин Канаданын премьер-министри Марк Карниге кайрылып, АКШда депортация коркунучуна туш болгон орусиялыктарды кабыл алууга чакырган.

Быйыл 20-январда АКШда Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден баштап мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер жүрүп, депортация күч алууда. Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.

Буга чейин Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн ондогон кыргызстандык да мекенине депортация болгон.

АКШ тараптын депортация тартибине ылайык, эми алардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө 5, 10, 15 жылга же түбөлүккө тыюу салынышы мүмкүн. (AiA)

Дагы караңыз

Чехияда миллиардер Андрей Бабиш премьер-министр болуп дайындалдыАскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүн эмес экени айтылдыТашиев беш жылда коррупциядан 300 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлгөнүн айтты