9-декабрда Чехиянын президенти Петр Павел ANO партиясынын жетекчиси, миллиардер Андрей Бабишти премьер-министр кылып дайындады. Андрей Бабиш чех өкмөтүн 2017-жылдан 2021-жылга чейин да башкарган.
Чехиянын маалымат каражаттары жазганына караганда, өлкөнүн жаңы Министрлер кабинети негизинен ANO партиясынан түзүлөт, ага кошумча ультраоңчул “Эркиндик жана түз демократия” (SPD) жана популисттик AUTO партиялары да кирет. Президент бир жуманын ичинде министрлик орундарга дайындала турган адамдарды расмий бекитиши керек.
Чехияда октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бабиштин ANO партиясы шайлоочулардын добуштарынын 34,5 пайызын алган. Бул 2021-жылдагы шайлоого караганда дээрлик 7,5 пайызга көп. Партия 200 орундуу парламентте 80 мандат алды.
Бабиштин партиясы жана ал өзү да Евробиримдикти сындаганы жана Украинадагы согушка байланыштуу Праганы этият саясат жүргүзүүгө чакырганы менен белгилүү. Шайлоо кампаниясы маалында саясий атаандаштары аны "Орусияны колдойт жана Евробиримдикке каршы көз карашта" деп айыпташкан. Бабиш бул дооматтарды четке каккан.
Андрей Бабиш Чехиянын каржы министри жана өкмөт башчынын биринчи орун басары да болгон.
ANO партиясы 2011-жылы негизделген. Бабиш бул партияны коррупцияга жана салттуу саясатка каршы күрөшүү максатында түзгөнүн айтып келет. Башында жарандык кыймыл катары башталган ANO кийинчирээк саясий партияга айланып, 2013-жылдагы шайлоодо чоң ийгиликке жеткен. 2017-жылы шайлоодо жеңип, өкмөттү түзгөн.
Бабиштин мурдагы мөөнөтү бир нече саясий жаңжалдар менен коштолгон. Анын ичинде Agrofert холдингине кирген жана ага байланыштуу айрым компаниялар Евробиримдиктен чакан жана орто бизнести колдоого арналган дотацияларды мыйзамсыз алган деген айыптоолор айтылган. Дагы бир жаңжал мейманкананын курулушуна байланыштуу чыккан. Тергөөнүн маалыматына караганда, анын ээлери 2008-жылы ЕБ бюджетинен 50 миллион крон (болжол менен эки миллион евро) грант алышкан. Бирок 2023-жылы Чехиянын соту бул долбоорго байланыштуу финансылык амалдар боюнча Бабишти күнөөсүз деп тапкан.
Forbes 71 жаштагы премьердин байлыгын 4,3 миллиард доллар деп баалайт. (AiA)
Шерине