Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата тараткан билдирүүсүндө бир нече түркмөнстандык активисттер жабык жана адилетсиз соттордон кийин түрмөдө отурганын билдирди.
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, өкмөттүн саясатын сындап, бийлик органдарынын мыйзамсыз аракеттерин ачыкка чыгарган Мурат Душемов, Мансур Мингелов жана Мяликберди Алламурадов темир тор артында отурат. Уюм алардын ишин жарандык активисттерге каршы бийликтин куугунтугу катары сыпаттады.
Билдирүүдө ошондой эле эркиндикке чыккан активисттер да басымга кабылары белгиленет.
Укук коргоочулардын айтымында, көз карандысыз журналист Солтан Ачилова эки жолу өлкөдөн чыгарылбай калган. 2023-жылы анын паспорту атайылап жараксыз болуп, 2024-жылы эч негизсиз ооруканага жаткырылган.
Ал эми активисттер Ровшен Клычев, Фархад Мейманкулиев жана Саддам Гуламов күч менен кайтарылып келген соң камалып, жабык соттордо алар узак мөөнөткө абакка кесилген.
Үчөө тең чет өлкөдө жүрүп Ашхабаддын саясатын ачык сынга алышкан.
2023-жылдан бери Түркия менен Орусия түркмөн өкмөтүн сындаган бир катар жарандарды жашыруун депортациялаганы кабарланган. Ноябрдын башында Анкаранын соту түркмөнстандык блогер Алишер Сахатовго эл аралык коргоо берүүдөн Түркиянын баш тарткан чечимин күчүндө калтырган.
Түркмөн бийлиги акыркы жылдары чет өлкөдөгү жарандарына көзөмөлдү жана кысымды күчөткөн. Түркия жана Орусияда жашаган айрым оппозиция өкүлдөрү Ашхабаддын талабы менен экстрадицияланып, мекенине кайтарылгандан кийин дайынсыз жоголгон учурлар катталган. (AiA)