АКШнын президенти Дональд Трамп Politico басылмасына берген маегинде Украинада президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айтты.
“Аларда көптөн бери шайлоо өтө элек. Демократия жөнүндө айтып жатышат, бирок азыр демократия болбой турган жагдайга баратат”, -деди Трамп.
Ошол эле маалда ал шайлоо өтсө, Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский кайрадан жеңип чыгышы мүмкүн экенин да билдирди.
Буга чейин да Трамп Украинаны шайлоо өткөрүүгө чакырып, Зеленскийди "диктатор" деп атаган.
Politico менен маегинде Трамп АКШ ортомчулук кылган тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу да сөз козгоп, Орусия Украинага караганда күчтүү позицияда болгону "шексиз" экенин айтты.
Ал Евробиримдиктин согушту токтотуу аракеттерин сынга алып, Зеленскийдин Крымды кайтаруу жана НАТОго кирүү аракеттери “Орусияга чагым болушу мүмкүн” деп билдирди. Трамп шаркет лидерлерин "алсыз" деп, ага кирген өлкөлөр "артка кетип" жатканын айтты.
Трамп бул маегинде да АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин администрациясын катуу сынга алды.
Axios жана Politico буга чейин өз булактарына таянып, АКШ Украинага Орусия менен тезирээк тынчтык келишимине келиш үчүн басымды күчөткөнүн жазган. Axios басылмасынын маалыматына караганда, аз күн мурун Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф Зеленский менен сүйлөшкөндө Москва талап кылгандай, Донецк облусун толугу менен Орусияга өткөрүлүшүнө макул болууга үндөшкөн. Зеленский бул сунушту четке кагып, аймактык маселелер боюнча консенсус жок экенин айткан.
Владимир Зеленский журналисттер менен болгон маегинде Украина Конституция боюнча да, эл аралык укук боюнча да өз аймактарынан баш тартууга укугу жок экенин белгилеген.
Украинанын президенти Зеленскийдин мөөнөтү өткөн жылы аяктаган. Бирок мыйзамга ылайык, жаңы шайлоо өткөнгө чейин ал кызматында кала берет. 2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып киргенден кийин киргизилген аскердик абал шайлоону өткөрүүгө жол бербейт. Владимир Зеленскийдин “легитимдүүлүгү” тууралуу маселени буга чейин орус президенти Владимир Путин да козгогон. (AiA)