Коммерциялык банктардын бири 21 млн 600 миң сом айыпка жыгылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк Кыргызстанда 5-декабрда коммерциялык банктардын бирине кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча мыйзамдын талаптарын бузган деген негизде 21 млн 600 миң сом айып пул салынганын билдирди.

Өлкөнүн негизги банкы кайсы финансылык уюм айыпка жыгылганы тууралуу жана иштин чоо-жайы боюнча маалымат берген жок.

Кыргызстанда 22 коммерциялык банк бар. Буга чейин Улуттук банк кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды бузгандарга жаза күчөтүлгөнүн кабарлаган. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМ өкүлү №26 округда добуш сатып алууга шектелип кармалгандар боюнча комментарий бердиТашиев беш жылда коррупциядан 300 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлгөнүн айттыМурдагы судья Жаркеева жана экс-депутат Маманов сегиз жылдан кесилдиПрезидент бийлик жарандардын укуктарын коргоого өзгөчө маани берерин айттыЯнварь окуясында каза болгон Бектургановдун жубайы күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды Трамп Украинада президенттик шайлоо өткөрүү керектигин билдирдиИИМ шайлоого байланыштуу козголгон кылмыш иштери 15ке жеткенин билдирди