Ички иштер министрлиги Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу 15 кылмыш ишин козгоду. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча бир жаранга айыбы угузулуп, жакында сотко жибериле турганын министрликтин басма сөз катчысы Султан Макилов "Азаттыкка" билдирди. Буга чейин мекеме шайлоодон улам тогуз кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
"Учурда 15 кылмыш иши козголду. Себеби шайлоодон кийин да бизге ыкчам маалыматтар келип жатат. Андан сырткары социалдык тармактарга чыгып жатат. Жакында козголгон кылмыш иштер туралуу айтып кетейин. №8 округ боюнча кылмыш иши козголуп, Ош облустук милициясы ишти тергеп жатат. Мындан сырткары №9 округ боюнча да кылмыш иши козголуп, иш Өзгөн райондук милициясында. Ал эми Чүй облусунда акча берип жатат деген биздин ыкчам видео тасмалар болчу. Бул иш да тергелип, Ш.Н.А деген жаранга Кылмыш жаза кодексинин "Шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренеси менен айыбы угузулду, жакында сотко жиберилет",- деди Султан Макилов.
Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда айрым талапкерлердин арызы жана укук коргоо органдарынын маалыматын угуп, анын жыйынтыгында жалпы 29 округдагы шайлоонун жыйынтыгын бекиткен.
Ага чейин өткөн аптада Боршайком №13 округда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген негизде добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындаларын билдирген. Бул чечимге байланыштуу айрым талапкерлер БШКнын чечимин сотто талашарын айтышкан. Андан кийин бир нече округдарда мыйзам бузуулар болгонун шайлоодо ат салышкан талапкерлер жарыялап, Боршайкомго кайрылышкан.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келиши керек. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.
Шерине