“Манас” театрында болгон окуяны комиссия иликтейт

“Манас” театры.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтарды иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Мекеме иликтөө толук аяктагандан кийин анын жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин кошумчалады.

Социалдык тармактарда жакында эле өткөн “Жаратман манасчы” сынагына байланыштуу “Манас” театрынын жетекчиси жана манасчылар аралашкан мушташ болгону тууралуу маалыматтар тарады. Театрдын директору Нурбек Талантбеков бул тууралуу комментарий бере элек.

Улуттук макамга ээ “Манас” театры 2021-жылы түзүлгөн. Театрда манасчылар, төкмө акындар иштейт. (BTo)

Дагы караңыз

Министр Орунтаев реновация мыйзам долбоору иштелип чыкканын айттыИИМ өкүлү №26 округда добуш сатып алууга шектелип кармалгандар боюнча комментарий бердиКоммерциялык банктардын бири 21 млн 600 миң сом айыпка жыгылдыТашиев беш жылда коррупциядан 300 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлгөнүн айттыМурдагы судья Жаркеева жана экс-депутат Маманов сегиз жылдан кесилдиПрезидент бийлик жарандардын укуктарын коргоого өзгөчө маани берерин айттыЯнварь окуясында каза болгон Бектургановдун жубайы күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды Трамп Украинада президенттик шайлоо өткөрүү керектигин билдирди