Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:29

Коммерциялык банктардын бири 21 млн 600 миң сом айыпка жыгылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк Кыргызстанда 5-декабрда коммерциялык банктардын бирине кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча мыйзамдын талаптарын бузган деген негизде 21 млн 600 миң сом айып пул салынганын билдирди.

Өлкөнүн негизги банкы кайсы финансылык уюм айыпка жыгылганы тууралуу жана иштин чоо-жайы боюнча маалымат берген жок.

Кыргызстанда 22 коммерциялык банк бар. Буга чейин Улуттук банк кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды бузгандарга жаза күчөтүлгөнүн кабарлаган. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG