Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Шайлоо: Талаштуу округдарда Жолдошова менен Кадыралиева мандатсыз калды


 "Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

мазмуну

  • Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Оштогу №8 жана №9 шайлоо округдарында аялдар арасында эң көп добуш алган Жылдызкан Жолдошова менен Ыргал Кадыралиеванын ордуна мандаттарды Нуржамал Төрөбекова менен Жылдыз Эгенбердиевага берди.
  • Буга аталган округдагы айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылышы себеп болду жана бул талаш-талкуу жаратты. Жагдайга Төрөбекованын БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров менен туугандык байланышы бар экени дагы кошул-ташыл болду.

БШК 8-декабрда шайлоонун жыйынтыгын бекитип, мандат алчуларды аныктады.

Анда Оштогу №8 шайлоо округундагы №5249 жана №5514 тилкелеринен жалпысынан 1009 добушу жокко чыгарып, муну менен талапкер Жылдызкан Жолдошованын ордуна мандат Нуржамал Төрөбековага тийди. Буга чейин Төрөбекованын БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров менен туугандык жайы бар экени ачыкка чыккан жана бул талкуу жараткан.

"Азаттык" Төрөбекованын өзү менен байланышып, андан комментарий алды. Ал Шайназаров менен тууган болгону менен жакындан карым-катышы жок экенин айтты.

"Негизи (Шайназаров менен - ред) уруубуз бир. Менин чоң энем менен анын чоң атасы тууган болуп кетет. Ал менин чоң энемдин агасынын баласынын баласы. Алар көбүнчө шаарда болушат эле. Биз айылда болуп, андай деле катышыбыз жок. Мен аны айылдаш агам катары билем. Ал мага эч кандай деле жеңилдик берген жок. Өзүмдүн жолум менен гана келе жатам. Ага чейин деле мен эл кыдырып, ар бир үйдүн көйгөйүн көрүп келген адисмин өзү. Бул кандай үй-бүлө, аз камсыз болгонбу, мүмкүнчүлүгү чектелген жаран барбы, жокпу деп өз көзүм менен көрүп келген адисмин".

Нуржамал Төрөбекова буга чейин Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүндө социалдык маселелер боюнча улук адис болуп иштеп келген. Ал мамлекеттик кызматкер болуп туруп шайлоого топтогон, короткон каражаты тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

Нуржамал Төрөбекова.
Нуржамал Төрөбекова.

"Ишенесиңерби, менин өзүмдө андай акча болгон жок. Туугандарым, күйөөм жана кайын журтум колдоо көрсөттү. Ошолордун арасынан деле ушундайлар чыкты. Жалпы жонунан шайлоого канча коротконумду так айта албайм. Ыйгарым укуктуу өкүлүм билет. Мен ачык-айкын үгүтчүлөрдү жалдадым. Үгүтчүлөрүм миңге жеткен жок. Кээ бир үгүтчүлөр өзүмдүн инилерим, жердеш инилерим, туугандарым болду. Эже (Жылдыз Жолдошева - ред) мен тууралуу Шайназаровго байланыштуу дооматты туура эмес айтып жатат. Ал мени алып барып алып эмне кылат? Анын мага тиешеси дагы жок. Мен өзүмдүн жолумда кеттим, өзүмдүн өнөктүгүмдү бүт аткардым. Мыйзамдуу кылдым, баарын көрсөтүп турдум. Мандат алганымды биринчиден аракетим, мээнетим деп билем. Экинчиден, Алланын буйругу ушу".

БШКнын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Төрөбекова шайлоого үч миллион сомдон ашык акча короткон.

Жылдызкан Жолдошова негизсиз мандаттан ажыратылганын билдирип, буга байланыштуу сотко кайрыларын "Азаттыкка" билдирген.

БШК буга чейин Оштогу №9 округундагы №5039, №5050, №5054, №5577, №5040, №5041 жана №5548 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Мунун менен аталган округда аялдар арасында көп добуш алган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын добуштары азайган. Ал Фейсбуктагы баракчасына Боршайкомго эч кандай арыз түшпөгөн шайлоо тилкелериндеги добуштар жокко чыгарылып калганын жазган.

"Чечим кабыл алууда жарандардан жана талапкерлерден түшкөн 27 арызды негиз кылышкан, бирок 18 арыз аталган участкаларга тиешелүү болгон, ал эми №5048 жана №5040 участкаларына бир да арыз түшпөгөнүнө карабастан шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарышкан. Бардык арыздарда добуш сатып алуу жөнүндө айтылып жатат. Демек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш жөнүндө кабарланып жаткандыктан, укук коргоо органдары тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, процессуалдык чечим кабыл алышы зарыл болгон. Демек, процессуалдык чечим кабыл алынганга чейин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга эч кандай негиз болгон эмес. Аталган участкалардагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу мага мандат бербөөгө багытталганы ачык көрүнүп турат, себеби менин гана жыйынтыгыма терс таасирин тийгизди", - деп жазган Кадыралиева.

БШК бул округдан мандатты Жылдыз Эгенбердиевага берди. Бул талапкер тууралуу ачык булактарда дээрлик маалымат жок.

БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, ал 45 жашта. 2018-жылдан тартып Оштогу облустар аралык клиникалык оорукананын Ангионеврология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келгенин көрсөткөн.

Эгенбердиева шайлоодо 2,5 миллион сомдон ашык акча короткон. "Азаттык" анын өзү менен байланышты. Ыргал Кадыралиевага байланыштуу суроо берилгенден кийин бир аздан кийин байланышуубузду өтүнүп, кийин телефон чалууларга жана билдирүүлөргө дагы жооп берген жок.

Жылдыз Эгенбердиева.
Жылдыз Эгенбердиева.

"Мен медицина жакты өнүктүрүү-өстүрүү, жалаң медицина жактан реформа кылуу боюнча барып атам. Жарым сааттан кийин байланышсак болобу, мен азыр сүйлөй албай турган жерде элем", - деди ал.

Айрым округдардагы арыз-доомат жана мандат маселеси бир топ талкууларды, түкшүмөл ойлорду жаратты.

"Интербилим" уюмунун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева мандаттын тагдыры чечилген талаш-тартыштарды БШК карап, чечим чыгарганы шайлоонун ачык-айкындыгына, легитимдүүлүгүнө шек келтирерин белгиледи.

Гүлгаакы Мамасалиева
Гүлгаакы Мамасалиева

"Сот эмес жөн гана комиссия чечим чыгарып жатканына нааразымын. Анткени ошол жерде айтылгандардын баары сот аркылуу далилдениши керек эле да. Экинчиден, БШК өзүнүн чечимдеринин легитимдүүлүгүн, адамдардын ишенимин төмөндөтүп жатат. Мисалы ошол электрондук үкөктөр бизге канчалык таза тандоо берсе деле, эл арасында эгер кимдир бирөө бирөөгө жакпаса БШК аркылуу ошол жактагы добуштарды жокко чыгарып койсо болот турбайбы деген ой пайда болду. Буга чейинки шайлоолордо мындай болбойт эле. Азыр болсо чоң ишенбестик жаратып, шайлоолордун өзүнө шек келтирип жатат. Буга чейин деле талапкерлерге ишеним аз болчу. Добуштарды сатып алып келип жатышат деген сөздөр айтылып жатат. Добуш сатып алуу деген нерселердин баары кылдаттык менен текшерилип, анын баары сот аркылуу далилдениши керек эле. Болбосо ошондой маселелерди башка округдардагы башка талапкерлерге байланыштуу деле көтөрсө болот эле да. Бул жерде ошол округдагы шайлоонун жокко чыгарбай, айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, натыйжада кайсы бир талапкерлер мандат албай калып жатпайбы. Бул мисалы №13 округдан башкача болуп жатат. Ошол 13-округда деле бардык добушканаларда камералар коюлбаса керек, демек ошол жердеги добуштар сакталып, талапкерлердин добуштары сакталышы керек эле да. Балким БШК жогору жактан келген буйрукту аткарып жаткандыр, эми биз муну так айта албайбыз. Ошондуктан ушундай бүдөмүк ойлор болбосу үчүн баары сотто далилденип, ошол жакта чечим чыгышы керек эле. Анда бизге соттун эмне кереги бар? Баарыбыз эле комиссия түзүп алып чечим чыгара берели. Бул жерде канча өз талапкерин шайлаган элдин добушу сапырылып текке кетти. Мисалы, ошол Жылдыз Жолдошованын шайлоочуларынын деле укугу бузулду да. Сотто каралып чечим чыкса анда бардык далилдерди карап, жоопкерчиликти алып чечим чыгармак", - деди Мамасалиева.

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо, үгүт өнөктүгү маалында добуш сатып алууга байланыштуу тогуз кылмыш иши козголгонун бидирген. Анын алкагында 12 кишиге айыбы угузулганын маалымдаган.

30-ноябрда мөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн. Ага шайлоочуларын 36,90% катышкан.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун эреже-тартиби, талап өзгөргөн. Ага ылайык, өлкөдө 30 округ түзүлгөн, ар бир округга үчтөн мандат тийген. Үч депутаттын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо, анын бири эркек болушу шарт).

Шерине

 

XS
SM
MD
LG