Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Газа: Согушту токтотуунун экинчи баскычы качан башталат?


Жабалия шаары. Газа тилкеси, 25-ноябрь 2025-жыл
Жабалия шаары. Газа тилкеси, 25-ноябрь 2025-жыл

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча АКШ түзгөн пландын экинчи баскычын баштоо жакындаганын билдирди. Анын жүрүшүндө ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобун куралсыздандыруу жана Израилдин күчтөрүн Газадан чыгаруу каралган.

Ал эми согушкерлер оккупация шартында куралдан баш тартуу мүмкүн эместигин айтып, адегенде изралдик аскерлердин толугу менен чегинүүсүн талап кылууда.

7-декабрда Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен биргелешкен пресс-конференцияда Нетаньяху экинчи баскыч ай соңунда башталышы мүмкүн экенин айтып, ошол эле маалда палестин анклавына эл аралык коопсуздук контингентин жайгаштыруу өңдүү көптөгөн маселелерди чечүү зарылдыгын белгиледи.

Экинчи этапта ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобун куралсыздандыруу жана Израилдин күчтөрүн Газадан чыгаруу каралган.

Премьердин айтымында, согушту токтотуу планынын экинчи баскычын ишке ашырууну ыкчамдатуу жолдору үстүбүздөгү айдын этегинде Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен талкууланмакчы.

Өткөн айда Нетаньяхунун кеңсеси америкалык лидерден чакыруу түшкөнүн, бирок анын датасы аныктала электигин билдирген.

Трамп сунуштаган 20 пункттан турган тынчтык планына ылайык, биринчи баскычта ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрында болгон кол салуу маалында барымтага алынган калган кишилерди жана каза болгондордун сөөгүн өткөрүп бериши керек болчу. Израил, өз кезегинде, түрмөлөрүндө отурган эки миңге жакын палестиналык туткунду бошоткон.

Нетаньяху жоочулар барымтага алган акыркы кишинин - 24 жаштагы полиция кызматкери Ран Гвилинин сөөгүн өткөрүп бере электигин кошумчалады.

Радикал топ сөөктөрдүн баарын таба албай жатканын, алардын көпчүлүгү Израилдин эки жылдык аскердик операциясынан кийин уранды алдында калганын айтып келди.

Израил барымтадагылар кайтарылбаса аскердик операциялар уланып, гуманитардык жардам чектелерин эскерткен.

Барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрү “Ран Гвилинин сөөгү кайтарылмайынча кийинки баскычка өтүү мүмкүн эмес” деп билдиришти.

Бир катар агенттиктер ХАМАСтын жогорку даражалуу өкүлдөрүнө таянып, кыймыл "куралдан баш тартууга даяр экенин, бирок бул үчүн айрым шарттар аткарылышы керектигин" жазышты. Атап айтканда, алар израилдик аскерлерди тилкеден толугу менен чыгарууну талап кылууда.

АФП кабарлагандай, кыймылдын Газадагы лидери Халил ал-Хайя “оккупация жана агрессияга чекит коюлганда курал-жарак мамлекеттин көзөмөлүнө өткөрүлөрүн” айтты. Агенттиктин тактоочу суроосуна анын кеңсесинен ал-Хайя палестин мамлекетин түзүүнү, израилдик аскерлер чыккандан кийин куралды ошого өткөрүп берүүнү жактайт деп жооп беришти.

Маалыматка караганда, ал-Хайя жарашуунун аткарылышына көз салуу жана чек араларды кайтаруу үчүн БУУнун аскерлерин жайгаштырууга макулдугун билдирди.

Нетаньяху биринчи баскыч күмөн саноолорго карабай ишке ашканын, экинчи баскыч да дал ушундай татаал болорун белгиледи. Ал эми үчүнчү баскыч катары Газаны “радикалдардан арылтуу” маселесин атады.

Израил менен ХАМАС ортосунда АКШ, Египет, Катар жана Түркия кирген арачылар тобунун жардамы менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишими ишке киргенине эки ай болду. Тараптар ошондон бери маал-маалы менен аны бузганы үчүн бири-бирин айыптап келатат.

Ок атышууну токтотуу режими күчүнө киргенден бери Израил тилкеге абадан сокку уруп, аны согушкерлердин чабуулдарынын мизин кайтаруу же инфраструктурасын жок кылуу максаты менен түшүндүргөн. Рейтер агенттиги Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси ошондой соккулардан 373 палестиналык набыт болгонун кабарлады. Ушул эле аралыкта жоочулардын колунан израилдик 3 аскер каза тапканы маалымдалган.

Канцлер Фридрих Мерц Германия тынчтык планынын экинчи этабын ишке ашырууга катышып жатканын, АКШ жетектеген координациялык борборго офицерлерди жана дипломаттарды жөнөткөнүн айтты. Муну менен катар ал Нетаньяху менен Трамптын жолугушуусунун жыйынтыгын күтөрүн, Вашингтондун эмки кадамдары белгилүү болгондон кийин Берлин кандай салым кошо алары чечилерин айтты. Канцлер экинчи баскыч “кечиктирилбестен ишке ашырылууга тийиш” деп басым жасады.

Axios басылмасынын маалыматына караганда, Трамп тараптар келишимдин экинчи баскычына 25-декабрга чейин өтүшү керек деп эсептейт. Ага ылайык, Израил армиясынын негизги бөлүгү анклавдан чыгарылып, эл аралык күчтөр киргизилип, жаңы администрация түзүлөрү жана реконструкция иштери башталары маалымдалган.

Вашингтондун долбоору боюнча аны араб жана Батыш мамлекеттеринин он лидери кирген "Тынчтык кеңеши" башкарууга тийиш.

7-декабрда түрк тышкы иштер министри Хакан Фидан Катардагы форумда ХАМАС радикал тобу Газадагы бийликти палестиналык комитетке өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

Анын айтымында, тилкедеги жаңы администрация жана полиция хамасчылар куралсызданганга чейин ишин баштоого тийиш. Түркиянын башкы дипломаты ишенимдүү башкаруу түзүлмөйүнчө жана коопсуздук күчтөрү окутулмайын ХАМАСтын куралдан баш тартуусу күмөн экенин кошумчалады.

Фидан полициянын ишине эл аралык күчтөр колдоо көрсөтөрүн белгилеп, ал миссияга кайсы мамлекеттер кошуларын тактаган жок.

Министр ХАМАСтын жоочулары полициянын курамына кирбей турганын баса белгиледи.

2023-жылдагы ХАМАС чабуулунда 1200дөй адам өлүп, 250дөн ашуун киши барымтага алынган. Алардын арасынан тирүү калгандарынын баары, каза болгондорунун сөөгү кайтарылды.

Израилдин Газадагы операциясы 70 360тан ашык палестиналыктын өмүрүн алганын анклавдын саламаттыкты сактоо башкармалыгы билдирген. Алардын теңи аялдар жана балдар.

Нетаньяху ошондой эле Иордан дарыясынын батыш жээгинин “саясий аннексиясы” талкууланарын кошумчалады. Буга чейин АКШнын президенти мусулман өлкөлөрүнүн лидерлерине жөөт конуштары кеңейтилип жаткан оккупацияланган ал аймакты Израил аннексиялабайт деп убада кылган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG