10-декабрь, саат 10:00дө Конституциялык сот президенттин “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушун кароого киришти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
“Долбоор аркылуу Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Анда балдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүндүгү каралган. Конституциялык соттун Регламентине ылайык, бул категориядагы иштер Конституциялык сот тарабынан жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча каралат. Анткени президенттин корутунду берүү жөнүндөгү сунушу соттук талаш-тартыш мүнөзүндө эмес жана тараптардын катышуусун талап кылбайт. Конституциялык сот тарабынан кароонун жыйынтыгы боюнча пресс-релиз берилет”, – деп айтылат маалыматта.
Конституциялык сот өзүнүн бүтүмүн качан чыгарып, качан жарыяларын тактаган жок.
Сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. 13-октябрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.
Президенттин сунушу Конституциялык сотко 3-декабрда келип түшкөн.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлүм жазасын киргизүүнгө каршы экенин билдирген, мындай чара балдарга жана аялдарга жасалган кылмыштарга байланыштуу маселени чечпей турганын айткан. Омбудсмен бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушууда билдирген.
БУУнун өкүлдөрү акыйкатчынын пикирин колдоп, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин, аны менен кошо өлкөнүн эл аралык аброюна да терс таасирин тийгизерин белгилешкен.
Антье Граве Кыргызстан өлүм жазасын киргизсе эл аралык милдеттенмелеринен алыстай турганын айтып, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт жана Экинчи факультативдик протоколдон чыгуу жолдору жок экенин билдирген. Ал бул келишимдерге кошулган өлкөлөр өлүм жазасына кайра кайтпай турган укуктук чечим кабыл алышканын эскерткен.
Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий жарыяланган. 2007-жылы Жогорку Кеңеш аны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылкы Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат. (ErN)