Хорват футболчусу Просинечки Кыргызстандын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу болду

Камчыбек Ташиев жана Роберт Просинечки.

Роберт Просинечки Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Европалык адис менен 10-декабрда келишим түзүлүп, ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.

Келишимдин шарттарына ылайык ал 1 жыл 1 ай иштейт. Эгерде анын жетекчилиги алдында курама команда 2027-жылкы Азия кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтсө, анда макулдашуу дагы 3 жылга узартылат.

56 жаштагы Роберт Просинечки Хорватиянын, Азербайжандын, Босния жана Герцеговинанын, Түркиянын жана Черногориянын улуттук командаларын, ошондой эле бир катар европалык клубдарды жетектеген. Футболчу катары кезинде Испаниянын “Барселона” жана “Реал Мадрид” сыяктуу атактуу клубдарында ойногон. 1998-жылы Хорватия менен Дүйнө чемпионатында коло медал алган.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Максим Лисицын быйыл июль айында кызматтан кеткен. (BTo)

Дагы караңыз

Конституциялык сот өлүм жазасына уруксат берүү боюнча президенттин сунушун карай баштадыМинистр Орунтаев реновация мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты“Манас” театрында болгон окуяны комиссия иликтейт Мурдагы судья Жаркеева жана экс-депутат Маманов сегиз жылдан кесилдиКоммерциялык банктардын бири 21 млн 600 миң сом айыпка жыгылдыИИМ өкүлү №26 округда добуш сатып алууга шектелип кармалгандар боюнча комментарий бердиТашиев беш жылда коррупциядан 300 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлгөнүн айтты