Австралия 16 жашка чыга элек балдардын социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Былтыр ноябрда парламент кабыл алган мыйзам 10-декабрга караган түнү күчүнө кирди. Бийлик чектөө жаштарды интернеттеги ыдыктан, жалган маалыматтан, мыйзамсыз мазмундан коргоону көздөйт деген жүйөсүн айтып келет.
Жаңы жобо TikTok, YouTube, Instagram, Facebook, Snapchat, Reddit жана X платформаларына жайылат. WhatsApp, электрондук почта, онлайн оюндарга жана билим берүү долбоорлоруна чектөө киргизилбейт.
Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе мыйзам жеткинчектерге нормалдуу балалык доорду өткөрүүгө, ата-энелерге сарсанаа болбой жашоого өбөлгө түзүп, башка өлкөлөргө үлгү болорун билдирди.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, TikTok социалдык түйүнүндө 200 миң эккаунт бөгөттөлдү, жакында мындан көбү деактивация болот.
Мыйзамды аткарбаган социалдык түйүндөр 49,5 млн австралиялык доллар (33 млн АКШ доллары) айып пулга жыгылат.
Тыюу салууга каршы чыккандар өлкөнүн Жогорку сотуна доо арыз беришти. Алардын пикиринде, өспүрүмдөр көзөмөлдөө кыйын болгон башка сервистерди колдонушу мүмкүн.
Малайзия, Дания жана Норвегия өңдүү өлкөлөр ушундай эле чектөө киргизүү пландарын билдиришкен. Мындай сунуш Европарламентте да айтылган.