Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын бекитти. Ага ылайык, Боршайком 30 көп мандаттуу округда шайлоо өткөнүн таанып, 29 округдан 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланганын билдирди. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган.
Шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90% түздү. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылган. 190 миң 30 адам аралыктан добуш берди.
Шайлоонун жыйынтыктары боюнча айрым округдарга байланыштуу талаш-тартыш уланууда. Шайлоодон кийин айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Жанарбек Акаевди, Улан Примовду жана Нуржамал Төрөбекованы тапкан.
Башта бул округдан гендердик квота боюнча алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошованын добушу мандат алууга жетпей калды. Ал Боршайкомдун чечимине каршы Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылды. Ал өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун билдирген.
№9, №26 округдар боюнча да талаш-тартыш уланууда. №9 округда гендердик квота боюнча шайлоодо алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталган. №26 округда болсо добуш сатып алууга байланыштуу нааразылыктар токтобой жатат.
№13 округда добушканаларга орнотулган камераларга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган, эми ал жакта кайрадан шайлоо дайындалат.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтүп, жаңы шайланган депутаттар ант берет деп күтүлүүдө. (BTo)
Шерине