Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:16

Сызрандагы мунай заводу дрон чабуулунан кийин ишин токтоткону кабарланды


Сызрандагы мунай заводу. Архив
Сызрандагы мунай заводу. Архив

Орусиянын Сызрандагы мунайды кайра иштетүүчү заводу украиналык дрондордун чабуулунан кийин ишин токтотконун Рейтер агенттиги тармактагы эки булагына таянуу менен билдирди. Маалыматта завод мунайды кайра иштетүүнү токтоткону жазылган.

Украинанын армиясы Сызрандагы заводго 5-декабрда сокку урган. Украин Абадан коргонуу күчтөрү аталган ишкананын жабдууларынын бирине зыян келтирилгенин билдирген. Рейтер агенттигинин булактары дрон чабуулу мунайды кайра иштетүүчү ЭЛОУ-АВТ-6 жабдыгына зыян келтиргенин айтып беришкен.

ЭЛОУ-АВТ-6 заводдун ишинде маанилүү роль ойнойт. Анын бузулушу мунайды кайра иштетүүнүн бүтүндөй процессине таасирин тийгизет.

Бул жабдыкка быйыл 30-августта да дрондон сокку урулуп, эки апта оңдолгон.

Аталган агенттиктин булактары бул ирет оңдоо иши бир айга созулушу ыктымалдыгын маалымдашты.

Маалыматтарга караганда, 2024-жылы Сызрандагы заводдо 4,3 млн тоннадай мунай кайра иштетилген. Завод жылына 7 млн тоннага чейин мунайды кайра иштете алат.

Bloomberg жазгандай, ноябрда украиналык аскерлер Орусиянын мунай заводдоруна кеминде 14 жолу сокку урган. Бул Орусия 2022-жылдын февралында Украинага себепсиз кол салып, масштабдуу бастырып киргенден бери мунай заводдору бутага алынган эң көп учур. Декабрдын башында украин тарап Сызрандан тышкары, Рязандагы мунай заводуна чабуул койгону белгилүү болгон.

Эл аралык энергетика агенттиги украиналык дрондордун соккусунан улам Орусиянын заводдорунда мунайды кайра иштетүү темпи бери дегенде 2026-жылдын ортосуна чейин төмөндөй турганын божомолдоду.

"Буга чейин биз мунайды кайра иштетүү ушул жылдын аягына чейин калыбына келерин болжолдогонбуз, бирок азыр андай божомолдон кайттык", – деп билдиришти агенттиктин өкүлдөрү.

Алардын маалыматына таянсак, тынымсыз чабуулдардан улам Орусияда чийки мунайды кайра иштетүү болжол менен суткасына 500 миң баррелге чейин азайды.

Киев мунай заводдору орус армиясын күйүүчү май жана каржы менен камсыз кылгандыктан бутага алынып жатканын билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG