Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:58

Шайлоо жыйынтыгы: Жылдызкан Жолдошова БШКнын үстүнөн сотко кайрылды


Жылдызкан Жолдошова. БШК тараткан сүрөт.
Жылдызкан Жолдошова. БШК тараткан сүрөт.

Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо №8 шайлоо округунан аялдардан алдыда чыгып, мандат албай калган Жылдызкан Жолдошова Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу саясатчы Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Шайлоодон кийин айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарганы белгилүү болгон.

Баштапкы эсеп боюнча бул округдан аялдардан алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошова бул чечимге нааразылыгын билдирип, шайлоо комиссиясын сотко берерин айткан. Ал аталган эки тилкеде жалпысынан 1009 добушу жокко чыгып кеткенин, муну анын парламентке келишин каалабаган айрым адамдар кылып жатканын билдирген.

Жолдошова өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алган. Жеңүүчү катары Жанарбек Акаевди, Улан Примовду жана Нуржамал Төрөбекованы таануу боюнча токтом долбооруна БШКнын 11 мүчөсү макул деген добуш берген.

БШК 8-декабрдагы жыйынында жалпы 29 шайлоо округу боюнча чечим чыгарып, жеңүүчүлөрдү бекиткен. Анын ичинде №9, №26 округ боюнча да талаш-тартыштар чыккан. №9 округда гендердик квота боюнча шайлоодо алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталган. №26 округда болсо добуш сатып алууга байланыштуу нааразылыктар чыккан.

Калган бир аймакта – №13 округда добушканаларга орнотулган камераларга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо дайындала турган болгон.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланды. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG