Роберт Просинечки Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Европалык адис менен 10-декабрда келишим түзүлүп, ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.
Келишимдин шарттарына ылайык ал 1 жыл 1 ай иштейт. Эгерде анын жетекчилиги алдында курама команда 2027-жылкы Азия кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтсө, анда макулдашуу дагы 3 жылга узартылат.
56 жаштагы Роберт Просинечки Хорватиянын, Азербайжандын, Босния жана Герцеговинанын, Түркиянын жана Черногориянын улуттук командаларын, ошондой эле бир катар европалык клубдарды жетектеген. Футболчу катары кезинде Испаниянын “Барселона” жана “Реал Мадрид” сыяктуу атактуу клубдарында ойногон. 1998-жылы Хорватия менен Дүйнө чемпионатында коло медал алган.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Максим Лисицын быйыл июль айында кызматтан кеткен. (BTo)
Шерине