Коррупцияга каршы күрөш: Мамлекетке кайтарылган мүлк, менчикке болгон укук

Иллюстрациялык сүрөт.

мазмуну

  • Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн алкагында жалпы баасы 300 миллиард сомдон ашык мүлк, гектарлаган жер мамлекетке өткөнүн билдирди.
  • Ал "Регион" телеканалынан курган маегинде 1990-жылдары башталган менчиктештирүү жараянына токтолуп, аны "талап-тоноого" салыштырды.
Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүүгө убада берген жана жемкорлукка каршы мыйзамдарды катаалдаткан.

Эл арасында "кустуруу" деген ат менен аталып келген жараянга байланыштуу жеке менчик укуктун корголушу боюнча суроолор жаралып келет.

Камчыбек Ташиев соңку маегинде коррупцияга каршы күрөшкө жана анын жыйынтыктарына кеңири токтолгон. Өлкөдөгү ири паракорчулуктун башталган себебин ириде 90-жылдардаагы менчиктештирүү жараяны менен байланыштырган жана аны талап-тоноочулук катары сыпаттаган. Ошол маалдагы таасирлүү, чоң кызматта турган чакан топ байып алганын айткан.

Камчыбек Ташиев.

"Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында мамлекетке 300 миллиард сомдон ашык мал-мүлктү, акча каражаттарын мамлекетке кайтарып бериптирбиз. Миңден ашык ар кандай ишкана-мекеме, объектилерди кайтарып бериптирбиз. Ошондой эле 30 миң гектардан ашык жерди кайра мамлекеттин менчигине кайтарып бериптирбиз. Эмне үчүн Кыргызстанда ушунчалык чоң масштабдагы коррупция башталып кеткен? Ушуга көз жүгүртүп ойлоно турган болсок, бул мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү аркылуу талап-тоноо башталганын билесиңер. 1992-1993-жылдары эгемендүүлүктү алгандан кийин мамлекеттик мал-мүлктү менчиктештирүүгө бергенден кийин мамлекетти талап-тоноо ушунчалык күчөгөн. Менчиктештирүү элге кыянатчылык менен жүргүзүлгөн. Менчиктештирүү элдин колунда эмес, кайсы бир топтун, мамлекеттик органда иштеген адамдардын жана шылуундардын гана колунда калган. Ошонун негизинде мамлекет жакырланып кеткен. Менчиктештирүү маалында мыйзамдар бузулган. Ошол менчиктештирилип кеткен мекеме-ишкана өзүнүн багытында иштеши керек болгон. Мисалы, менчиктештирилген автобаза ошол автобаза болуп элге кызмат көрсөтүшү керек болгон. Сен заводду алсаң ошол завод элди жумуш менен камсыз кылышы керек болчу. Булар болсо ошол автобазанын жерин кесип-кесип сатып жиберишкен, машиналарын, техникасын жок кылган. Завод-фабрикаларды талкалап, жерин бөлүп-бөлүп базар кылышкан. Кээ бир жерлерде бала бакчаларды, социалдык объектилерди менчиктеп алышкан", - деген Ташиев.

УКМКнын төрагасы мисал катары Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин тушунда өкмөт башчы болгон адамды келтирген жана анын 50дөн ашык мүлкү мамлекетке кайтарылганын маалымдаган. УКМКнын төрагасы анын атын ачык атаган эмес.

Дагы караңыз Кыргыз өкмөтү инвестиция азайганын билдирди. Себеби эмнеде?

1990-жылдардагы менчиктештирилген мүлккө байланыштуу маселе өткөн айда Бишкектеги Султан Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинен улам дагы көтөрүлгөн. Атайын кызмат анда кылмыштуу кирешени адалдаштыруу беренеси менен кылмыш иши козголгонун, тергөөдө аталган окуу жайдын жери жеке жактарга сатылып кеткени аныкталганы билдирген. Учурда бул тилкени мамлекеттин карамагына кайтарып алуу аракеттери жүрүп жатканын маалымдаган.

Анын алдында аталган окуу жайдын ректору, Султан Мамбеткалиевдин кызы Чолпон Мамбеткалиева Фейсбук баракчасы аркылуу атасынын атындагы окуу жайдын жерин, ал жактагы үйүн, мүлкүн тартып алуу аракети болуп жатканын айтып, өлкө башчыларына кайрылган. Анда өзү акниет ишкер экенин, жерге байланыштуу бардык мыйзамдуу документтери колунда турганын, бирок ага карабай өзүнө жана жакындарына коркутуу болуп жатканын айтып чыккан.

Менчиктештирүү жараяны буга чейин деле коомчулукта маал-маалы менен талкууланып келген жана 2000-жылдары парламентте маселе көтөрүлүп, талаш-тартыш менен коштолгон учурлар болгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдүн мамлекетке кайтарылып жатканын кубаттай турганын айтты. Ошол эле маалда акниет сатып алуучулардын кызыкчылыгы, укугу корголушу керектигин билдирди.

Исхак Масалиев.

"Биз, коммунисттер менчиктештирүүгө башынан эле каршы болгонбуз. Бул менчиктештирүү 90-жылдан баштап айрым аткаминерлердин кызыкчылыгы үчүн болду. Социализмдин принциптерин талкалаш үчүн элди "мобул заводду сен алсаң" деп кызыктырып, мүлктөрдү талкалап кетишкен. Айрым ири заводдорду атайын эл аралык программанын негизинде талкалашкан. Ошондуктан ошол менчиктештирүү жараяны жүрүп жаткан маалда жетекчилик кызматтарда болуп, ошол кызмат абалынан пайдаланып завод-фабриканы менчиктештирип алса, аларды жоопко тартуу керек. Азыр деле кеч эмес. Сөзсүз эле камакка алуу керек эмес, ошол мүлк кайтарылышы керек. Бирок бул жерде өтө чоң көйгөй бар, айрым мүлктөр үчүнчү-төртүнчү колго өтүп кеткен. Ошол объектилерди кызылдай акчага сатып алган адамдардын тагдыры кандай болот, алардын акчасын ким кайтарат деген суроо болот. Акчасын коротуп, сатып алып, оңдоп-жасагандан кийин мыйзамсыз менчиктештирилген объект деп аны тартып алса, акниет сатып алуучу эмне болот? Менчиктештирип алган киши күйөбү же андан сатып алгандарбы? Бирок мамлекетке кайтарууну токтотпош керек, ири заводдор-ишканалар мамлекетке кайтарылышы керек. Мыйзамсыз менчиктештирип алгандар эртеби-кечпи жооп бериши керек".

Дагы караңыз Коррупцияга каршы күрөш: Ортодон төмөнкү катмар паракорчулуктан арыла элекпи?

Адвокат Агзам Дүйшөналиев дагы менчикке болгон укук маселесине токтолду. Мыйзамга ылайык, мүлктөр мамлекетке соттун чечими менен гана өтүшү керектигин белгиледи.

"Менчикке болгон укук Конституцияда жазылган. Жеке менчикке кол тийбестик бар. Ал соттун гана чечими менен алынышы керек. Коррупцияга токтоло турган болсок, анда эскирүү мөөнөтү жок. Эгер коррупция беренеси менен кызмат адамдары жоопко тартылса, анда анын мүлкү конфискацияланышы керек. Мамлекеттик мүлктөр мыйзамсыз менчиктештирип кеткен болсо, ошол кызматта отурган адамдар жоопко тартылып, ошолордон өндүрүлүшү керек. Мыйзамда "акниет сатып алуучу" деген түшүнүк бар. Эгер ошол адам мүлктү мыйзамды бузбай сатып алса анда анын менчигинде калышы керек. Азыр эми өз ыктыяры менен өткөрүп берди деп маалымат берип жатышпайбы. Бирок мамлекеттин карамагына соттун гана чечими менен алынышы керек. Себеби мыйзамда "алдоо же коркутуу жолу менен алынса ошол мүлктүн ээси кайра сотко кайрыла алат" деген жобо бар".

Дагы караңыз Мамлекетке 10 млрд сомдук мүлк өттү. "Аю" бизнес-империясы урадыбы?

Кыргызстанда коррупцияга каршы мыйзамдар катаалдашкан. Былтыр жыл аягында президент Садыр Жапаров коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.

  • Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун былтыркы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашкан. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн деп эсептелет.