Венесуэланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадо Нобел тынчтык сыйлыгын тапшыруу аземине катыша албайт. Норвегиянын Нобел институту быйылкы лауреаттын кайсы жерде жашырынып жүргөнүнөн кабардар эместигин, бирок ал коопсуз шартта экенин билдирди:
«Мария Корина Мачадо Ослого келүү кыйын болорун өзү айтты. Андыктан учурда анын Нобел тынчтык сыйлыгын тапшыруу салтанатына качан жана кандайча келери тууралуу толук маалымат бере албайбыз».
58 жаштагы Мачадо өз өлкөсүндө былтыр өткөн шайлоодон бери башка жерде башкалкалоого аргасыз болгон. Ал өзү жана тарапкерлери добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып келишти.
Венесуэланын башкы прокуратурасы аны “кутум, жек көрүүгө шыкактоо жана терроризм” үчүн айыптап жатат.
Былтыр жыл аягында Европа парламенти Мария Корина Мачадого жана анын тарапташы, президенттикке мурдагы талапкер Эдмундо Гонсалеске Андрей Сахаров атындагы "Ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн сыйлыгын ыйгарган.
Мачадо социалдык тармактарга такай видео кайрылууларды жарыялайт, бирок кайда жүргөнү аныкталбашы үчүн адатта нейтралдуу дубалдын фонунда тартылат.
Сыйлыкты тапшырууга Норвегиянын падышасы Харалд, каныша Соня, Латын Американын айрым лидерлери, арасында Аргентина жана Эквадордун президенттери катышмакчы.
Мачадонун үй-бүлөсү да Ослого барды.