Кыргызстандын эл аралык резерви 8 млрд доллардан ашып, өз рекордун жаңылады

Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резервдери 2025-жылдын ноябрынын жыйынтыгы менен 8 млрд 269,16 млн АКШ долларын түзүп, өз тарыхындагы рекорддорун жаңыртты. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.

Эл аралык резерв былтыр ноябрда 5 млрд доллар болчу. Быйыл январда 5,2 млрд долларга жеткен.

Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык базардагы курсту кармоого, баалардын туруктуулугун колдоого, мамлекеттин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин тейлөөгө жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын базарга сатып турат.

Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат.

Кыргызстандын бийлиги 2021-жылы канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери анын алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып келет. (ErN)

Дагы караңыз

Тайланд менен Камбожанын жаңжалынан улам жарым миллион киши жер котордуУкраина АКШга Трамптын тынчтык планы боюнча жообун жөнөттүЖаратылыш министрлиги элди Жаңы жылда салют атпоого чакырдыАйыл өкмөттүн катардагы кызматкеринин шайлоодогу жеңиши