Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги элди Жаңы жылды майрамдоо күнү салют атпоого чакырды.
Министрлик пиротехника каражаттары абаны булгап, ал ашыкча таштанды болуп жана өрт чыгуу коркунучун жогорулатарын эскертти. Буга байланыштуу министрлик ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, шаар мэрияларына жана жергиликтүү бийлик органдарына жаңы жылдык салюттардан баш тартууну камсыз кылууну сунуш кылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2025-жылдын январь айындагы кайрылуусунда Кыргызстанда мэриялар, айыл-аймактарда жергиликтүү бийликтер жалпысынан 50дөн ашык жерде салют атыларын билдирип, муну токтотуу керектигин айткан.
Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда Бишкекти каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт. Борбор калаа дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыгат.
Абаны негизинен жер тамдарда жагылган оттун, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаа булгай турганы айтылып келет. (BTo)
Шерине