Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Султанбековго абакта басым болуп жатканы айтылып, ЖАМК аны четке какты


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

“Социал-демократтар” партиясынын камакта жаткан лидери Темирлан Султанбековдун карындашы Каныкей Султанбекова агасына Бишкектеги №1 тергөө абагында басым-кысым болуп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына пост жарыялап, Темирлан Султанбеков 18 адам менен бирге бир камерага камалып, алардын ичинен эки киши орун жок болуп жерге жатышканын, арасында кургак учук менен ооругандар да бар экенин жазды. Муну ал моралдык жана психологиялык басым деп баалады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Темирлан Султанбеков кургак учук менен ооруган адамдар менен бир камерага жаткырылганы боюнча маалыматты четке кагып, кандайдыр оорусу бар шектүүлөр дарыланыш үчүн №31 мекемеге жаткырыларын кабарлады. Андан тышкары басым болуп жатканы тууралуу башка да дооматтар негизсиз экенин кошумчалады.

22-ноябрдын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, 10 адам кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” менен айып таккан.

Андан тышкары экс-депутат Шайлообек Атазов (1979-жылы туулган А.Ш.), Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев (1984-жылы туулган М.Д.), саясатчы Урмат Барктабасов (1963-жылы туулган А.У.), “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов (1983-жылы туулган Э.Э.), активист Турсунбай Шарапов (1986-жылы туулган Ш.Т.) жана аты-жөнү белгисиз дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кине коюлган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту жогоруда аты аталгандардын баарын 2026-жылдын 17-январына чейин камакка алган.

ИИМ жапырт кармалгандардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG