Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:40

Консот өлүм жазасын калыбына келтирүү Баш мыйзамга каршы келет деген тыянак чыгарды


Конституциялык сот өлүм жазасына байланышкан сунушту 10-декабрда карады.
Конституциялык сот өлүм жазасына байланышкан сунушту 10-декабрда карады.

Кыргызстандын Конституциялык соту 10-декабрда “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттин сунушун карап чыкты. Анда балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Анын жыйынтыгында Консот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келди.

Консоттун чечиминде: “Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Конституциялык сотунун корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулушу керек, - деп жазылган.

Сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. 13-октябрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Эл аралык уюмдар, Кыргызстандагы укук коргоочулар жана омбудсмен өлүм жазасы аталган маселелерди чечпейт деген негизде каршы пикирлерин билдиришкен.

Президенттин сунушу Конституциялык сотко 3-декабрда түшкөн.

Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий жарыяланган. 2007-жылы Жогорку Кеңеш аны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган.

2021-жылдагы Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG