Украинада өлкөнүн азыркы согуш абалында президенттик шайлоо өткөрсө болот, бирок ал үчүн аткылоо жок дегенде шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда жана добуш берүү күнү токтоп турушу керек. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 11-декабрда европалык өнөктөштөр менен видео байланыш учурунда айтты.
Президенттик шайлоо өтүшү керектигин Украинадагы согушту токтотуу планын сунуштап жаткан АКШ президенти Дональд Трамп айткан.
"Биз президент Трамп менен кайсы гана форматта болбосун, иштөөгө даярбыз. Президент Трамп Украинадагы шайлоо тууралуу көп айтып жатат, андыктан мен толук түрдө ачык айта алам - биз шайлоо өткөрүүгө аракет жасап көрө алабыз. Украина демократиядан качпайт", - деди Зеленский.
Шайлоо өткөрүү үчүн коопсуздукту камсыз кылуу зарыл экенин айткан украин президенти буга "баарынан да Америка жардам бере аларын, бул тууралуу ал орус тарап менен сүйлөшүүсү керек экенин" кошумчалады.
Украина коңшусу Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп, күн сайын ракета, дрон аткылоосуна кабылып келатканына төрт жылга жакындады. Анын ички мыйзамдарына ылайык согуш учурунда эч кандай шайлоо өнөктүгү өтпөйт. Трамп президенттик кызматка киришкен күндөн тартып согушту токтотуу аракетин көрүүдө. Жакында анын администрациясы тынчтык планын иштеп чыккан, азыр ал документ талкууда. (RK)