Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Активист Айбек Теңизбай УКМКнын Бишкек башкармалыгында экени маалым болду


Айбек Теңизбай
Айбек Теңизбай

мазмуну

  • 11-декабрда Чүйдүн Кой-Таш айылында социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап жүргөн активист Айбек Теңизбайды үйдөн өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар кармап кеткени кабарланган.
  • Кийинчерээк анын дайыны Улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек башкармалыгынан чыкты.

Активисттин эжеси жана жакындары белгисиз адамдар анын апасынын да уюлдук телефонун алып кетишкенин айтышты. Анын эмнеге кармалганы тууралуу атайын кызмат маалымат бере элек.

Активист Айбек Теңизбайды белгисиз кишилер кармап кеткени 11-декабрда эртең менен белгилүү болду. Кийин анын жакындары бул күнү таң эрте Кой-Таштагы Теңизбайдын апасынын үйүнө өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз кишилер келип, активистти кармап кеткенин билдиришти.

Аны кайсы органдын кызматкерлери кармап кеткени белгисиз болуп жаткан.

Кечке жуук активисттин дайыны УКМКдан чыгып, ал мекеменин Бишкек башкармалыгында экени аныкталды.

Атайын кызмат анын кармалышынын себеби тууралуу маалымат бере элек.

Эжеси Айгерим эртеден бери маалымат берилбей жатат деп кабатыр. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынан маалымат алуу үчүн улам келип жатканын айтып берди:

“УКМКнын Бишкек башкармалыгында экени аныкталды. Бирок маалымат бербей жатышат. Мен инимдин абалына сарсанаа боло баштадым. Адвокатты да киргизишкен жок. Апам да кыжалат болуп, кан басымы көтөрүлүп үйдө отурат. Улам бул жакка келип сурап, маалымат бергиле деп жатам, “күтө тургула” деп эле жатышат. Эртең мененки саат 8де алып кетишкен. Азыр 11 саат болуп калды”, - деди ал.

Жакындарынын айтымында, активисттин энесинин үйүндө тинтүү болуп, уюлдук телефон, планшет сыяктуу каражаттарды алып кетишкен.

“Эшикти апасы ачыптыр. Ошондо 5-6 киши үйгө кирип, тинтүү жүргүзгөн. Айбекке тиешелүү телефон, компьютер жана башка каражаттарды алып кетишкен экен. Алар өздөру кайсы органдан экенин да айтышкан эмес. Кийин кайсы жакта болушу мүмкүн деп издей баштадык. Саат 2лерде Бишкек УКМКсы бул жерде экенин айтышты. Бирок дагы эле жооп жок. Күтүп жатабыз", - деди Айбек Теңизбайдын досу Азис Таалайбек.

Айбек Теңизбай социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап, Орусиянын Кыргызстандагы пропагандасына каршы бир нече пост жазган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий окуялар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына да пикирин активдүү билдирип келет.

Ютуб каналында подкасттарды чыгарып турат. Буга чейин укук коргоочу Рита Карасартова, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров, камактагы Темирлан Султанбеков менен маектери жарыяланган.

Камалардан мурда, кечээ кечинде ал соцтармактагы баракчаларына Конституциялык сотту өлүм жазасы тууралуу президенттин сунушун кароодон баш тарткан тыянагын колдогон билдирүү калтырган.

Андан мурда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин башкалаанын борборундагы курулуш иштерин, бийликти сындап жазган.

Активист Теңизбай 31 жашта. Президентке караштуу башкаруу академиясында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча билим алып, магистрды Түркияда уланткан. Окууну аяктагандан кийин Түркиянын жогорку окуу жайларына кыргызстандык жаштардын өтүшүнө көмөктөшкөн компания иштеткен. Кийин президенттик аппаратта жана парламентте да эмгектенген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG