Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:15

"Укук коргоочулардын өздөрү коргоого муктаж". Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы


 Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт. Камалып, соттун чечими менен энелик укуктан ажыратылган аялдын иллюстрациясы
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт. Камалып, соттун чечими менен энелик укуктан ажыратылган аялдын иллюстрациясы

мазмуну

  • Адам укуктарынын эл аралык күнү Кыргызстанда акыркы жылдарда саясий укуктар жана эркиндиктер чектелип, чоң кабатырлануу жараткан шартта белгиленүүдө. Эл аралык уюмдар журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү куугунтукка кабылып, укуктары одоно бузулганын белгилеп келишет. Президент Жапаров бул датага карата кайрылуу жолдоп, бийлик жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Эл аралык уюмдар менен жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстанда акыркы жылдарда саясий укуктар жана эркиндиктер чектелип, көз карандысыз медиага басымга тушукканын айтып келишет.

Буга мисал катары соңку жылдары өлкөдөгү оппозициячыл саясатчы, активисттердин камалышы, эркин маалымат каражаттарынын жабылышы жана пикет-митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизилишине байланышкан окуялар келтирилүүдө.

Президенттин куттуктоосу

Президент мамлекет аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо, аларды басмырлоого каршы күрөшүү боюнча ырааттуу иш жасап келатканын билдирди.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Мына ушундай маанилүү күндө мекендештеримди ар бир жарандын адамдык ар-намысын, кадыр-баркын, көп түрдүү пикирлерин жана элибиздин руханий жана маданий баалуулуктарын урматтоого чакырам. Адам укуктарын коргоо, жарандарды социалдык же башка абалына карабастан, алардын бардыгына сый-урмат көрсөтүү – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, коопсуздугуна жана балдарыбыздын жаркын келечегине негизги салым болуп эсептелет”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Бул күнү президент акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны да кабыл алып, адам укуктарынын сакталышына өзгөчө маани берерин айтты.

Өлкөдөгү адам укугун коргоо жаатында иш алпарган айрым активисттердин маанайы, кырдаалга берген баасы президенттикиндей позитивдүү эмес. Алар Кыргызстанда адам укугу жаатындагы абал начарлап бара жатат деп тынчсызданышууда. Буга мисал катары соңку жылдары адам укуктары, сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык рейтингдерди келтиришет. Маселен, быйыл жыл башында Freedom House уюму Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырган. Мындан сырткары өлкөдөгү саясий укуктардын, сөз эркиндигинин чектелишине байланыштуу камтамачылыктар арбын айтылып келет.

Укук коргоочулардын укугун ким коргойт?

Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жарандардын укуктарын коргоп келген укук коргоочулардын өздөрү куугунтукталып, айрым бийликчил күчтөр жазгандай "батышчыл, саткын, бузуку" аталып жатышканына кейиген пикирлер социалдык тармактарга жарыяланды.

Айрымдар бир нече жыл мурдагы 10-декабрда өлкөдө коррупцияны токтотууну, кыз-келиндердин укуктарын коргоону, сөз эркиндигин сактап, бир катар басылмаларды, мааалымат каражаттарын кысымга албоону талап кылып, акцияларга чыккан, ошол кездеги күчтүү жарандык коом болгонун эскериштүүдө.

Алардын бири журналист Аскер Сакыбаева Адам укуктарынын эл аралык күнү Кыргызстанда акыркы жылдарда саясий укуктар жана эркиндиктер чектелип, чоң кабатырлануу жараткан шартта белгиленип жатканын айтып кетти.

Аскер Сакыбаева
Аскер Сакыбаева

"Бүгүн 10-декабрь - Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнү. Биз бүгүнкү адам укуктарынын азыркы абалында бул күндү майрам деп атоого ооз барбай турат. Бул күнү мен үркөрдөй болгон адам укуктарын коргоочулардын өздөрүн коргоп алууга чакырат элем. Анткени алар биздин - журналисттердин, жарандык коомдун мүчөлөрүнүн, өз пикирлерин айтып, мыйзамсыздыкты сындап койгон карапайым жарандарыбыздын укуктарын коргоп келишкен укук коргоочуларыбызды коргоп, алардын эмгегин баалашыбыз керек".

"Интербилим" коомдук уюмунун мүчөсү, укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева да Кыргызстанда адам укугу корголот деп айтууга мүмкүн болбой баратат деген пикири менен бөлүштү:

Гүлгакы Мамасалиева
Гүлгакы Мамасалиева

"Бүгүнкү Адам укуктарынын күнү биз түрмөдө отурган активисттерибизди качан, кантип чыгарабыз? Же болбосо азыр сотко чакырылып же сурак берип жаткандарды кантип чыгарабыз? Эл аралык уюмдар менен жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстанда акыркы жылдарда саясий укуктар жана эркиндиктер чектелип, көз карандысыз медиа басымга тушукканын айтып келишет. Мына ушулар менен алек болуп калдык. Бизге кайрылган жөнөкөй жарандардын укугун коргой албай, алсыз болуп калдык. Биз азыр сотто жүрөбүз, адвокаттарга кайрылып, укугубузду коргоп беришин суранып жатабыз. Азыр эми бизди коргогон эч ким жок. Мурда кандай эле? Жарандык коомду, укук коргоочуларды, журналисттерди парламент коргочу, сот органдары, прокуратура коргоп берчү. Азыр эми биз "конституциялык укугубузду бузуп жатасыңар, пикирибизди ачык айтууга, эркин, тынч чогулууга укугубузду бузуп жатасыңар" десек, парламент биздин канат-куйругубузду кайрыган, биздин аракеттерибизди чектей турган, Конституцияга каршы мыйзамдарды кабыл алып коюп жатышат".

2024-жылы Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алып берген.

2025-жылы парламент Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборду жоюп, анын милдеттерин Акыйкатчы институтуна өткөрүп берген мыйзам кабыл алган.

Быйыл августта президент Садыр Жапаров коомчулукта талаш жаратып, журналисттердин нааразылыгын жараткан "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул мыйзам маалымат каражаттарын милдеттүү каттоодон өткөрүү, медианы түзүүдө чет өлкөлүк уюмдардын катышын чектөө сыяктуу бир нече нормаларды камтыйт.

Журналисттер аталган мыйзамда бир катар жоболор катаалдашканын, бул өлкөдө сөз эркиндигин чектөөнү күчөтөрүн айтып, Жогорку Кеңешти бул мыйзамды кабыл албоого чакырышкан.


2025-жылы Кыргызстанда сот чечими менен Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп табылды. Андан тышкары бул долбоорлорго катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылды. Сот чечимине ылайык, эми бул медиалардын материалдарына “жакты” белгисин басууга жана социалдык тармактарда бөлүшүүгө болбойт. Себеби, бул экстремисттик уюмду колдоо жана экстремисттик материалдарды жайылтуу деп саналышы мүмкүн.

"Бийликке ыңгайсыз талапкерлер четтеди"

Укук коргоочулар өлкөдө саясий чөйрөдө бийлик катуу чыңдалып, оппозициячыл саясатчылар куугунтукка кабылып жатканын белгилейт. Буга мисал катары соңку шайлоодо оппозициячыл лидерлердин айрымдары сот чечимдери менен саясатка аралашуу укугунан ажыратылса, айрымдары камакта болгонун келтиришет.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова буларга токтолду:

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

"Баарыбыз көрдүк. Акыркы парламенттик шайлоодо көрдүк, бийликке "ыңгайсыз", өздөрүнүн пикирин ачык билдире турган, көз карандысыз талапкерлер шайлоодон четтетилди. Мындан тышкары бул шайлоо дайындалгандан тартып, жыйынтыктары чыкканга чейин бардык округдарда административдик ресурс колдонулганы ачык көрүндү. Акыркы шайлоо менен тилекке каршы, жарандардын Жогорку Кеңешти тандоо укугу да чектелгени көрүнүп калды".

Бийлик шайлоодо эч кимдин укугу бузулбаганын белгилеп, өлкөдө экономикалык өнүгүүнү камсыздоо үчүн тартипти жакшылап жолго коюу керек деген позицияда.

Профессор Алмазбек Акматалиев сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктар менен катар экономикага өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын буга чейин "Азаттыктын" түз эфиринде айткан:

"Менин жеке пикиримде сөз эркиндиги, адам укуктары, демократия менен ортосунда өнүгүүнүн ортосунда тең салмактуулук табышыбыз керек. Бул чоң маселе".

Менчикке болгон укук

Кыргызстанда сөз эркиндиги, тынч митингдердин чектелишинен тышкары Конституция тарабынан кепилденген менчикке болгон укук бузулуп баратканын мурдагы омбудсмен Атыр Абдрахматова белгиледи:

"Адамдын жашоо укугу менен тең болгон адамдын жеке менчик укугунун кепилдиги бузулуп жатат. Кыргызстан боюнча бардык аймактарда, облус, шаарларда, айылдарда дагы жарандардын жеке менчик укуктары бузулуп, бир тараптуу тажрыйба киргизилди. Жер кодекси бузулду, бийлик соту жок деле элдин жерин алып коюу мүмкүнчүлүгү ишке кирди. Азыркы учурда адам укуктарын чектөөлөр көп, кантип корголот - чоң суроо".

Кыргызстанда акыркы жылдары "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген жүйө менен көптөгөн ишкана-мекемелерге таандык болгон объектилер мамлекетке кайтарылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирүү аркылуу мамлекетти талап-тоноо болгонун 9-декабрда "Регион" телеканалына курган маегинде айтты.

Кыргызстанда адам укугунун абалы начарлап бара жатканын эл аралык уюмдар акыркы бир нече жылдан бери белгилеп келишет.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) быйыл октябрдын соңунда Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорун жана журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп таануу боюнча соттун чечимин сынга алган. Уюмдун билдирүүсүндө Кыргызстан сөз эркиндиги үчүн коопсуз өлкө деген мурдагы статусунан канчалык алыстап кеткенин сот чечими көрсөтүп турганы айтылган.

Freedom House эл аралык уюму быйыл февраль айындагы баяндамасында Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырган. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлгөн. Уюм соңку жылдары өлкөдө саясий укуктар чектелип, саясий оппоненттер куугунтукталып, маалымат каражаттары басымга туш болгонун эскертип келген.

Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укукту өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасында 2023-2014-жылдары бийликти сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканын белгилеген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG