Менчик автомектептерге январдан баштап курсант албай туруу сунушу берилгени айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

“Автомектептердин ассоциациясы” Президенттин иш башкармалыгына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор менчик автомектептерге 2026-жылдын январь айынан баштап курсант алууну токтото турууну сунуштаганын билдирди.

Президенттин иш башкармалыгы бул тууралуу комментарий бере элек.

Ассоциациянын мүчөлөрү 12-декабрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, буга макул эмес экенин, окуунун мөөнөтүн дароо 10-12 ай кылбай, бара-бара көбөйтүү тууралуу сунуш беришти. Алар окуунун мөөнөтү дароо көбөйсө баасы кымбаттап кетерин эскертип, кийинки жылдын сентябрь айына чейин курсант алууга уруксат берүү өтүнүчүн айтышты.

Буга байланыштуу ишкерлердин укуктарын коргоо тууралуу президентке жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына кайрылуу жасашты.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 2026-жылдын башынан тартып бардык жеке менчик автомектептер жабылып, жалаң мамлекеттик автомектептер каларын жана окуу 14 ай болорун айткан. Ал менчик автомектептер мамлекетке алынып, кызматкерлерге шарт түзүлөрүн билдирген.

Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты. Ушул тапта курсанттар 2,5 ай окуйт. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпы 345 автомектепке лицензия берилген. (ZKo/BTo)

Дагы караңыз

Рютте Орусиянын кийинки бутасы НАТО өлкөлөрү экенин айтты"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында төлөнбөгөн айып пулдар 250 миң сомдон аштыБишкекте өзгөчө кыздын колун сындырган психолог алты жылга кесилдиЖаңы шайланган депутаттар 17-декабрда мандат алып, ишке киришетАдам укуктары боюнча федерациянын үч эксперти Кыргызстанга киргизилген жок Республикалык психиатрия жана наркология борборунун алты кызматкери кармалды УКМК активист Айбек Теңизбайдын кармалышы боюнча маалымат берди