Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Жаңы шайланган депутаттар 17-декабрда мандат алып, ишке киришет


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча акыркы токтомду кабыл алып, 87 талапкерди парламенттин депутаты кылып каттады.

12-декабрда Боршайкомдун отурумунда БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшыруу боюнча расмий иш-чара 17-декабрда өтөрүн айтты. Бул күнү Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны болот.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет.

Боршайком көп мандаттуу 29 округдан 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды деп тапты. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган жана эми кайра шайлоо өтүшү керек.

Бул жолу шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90% түздү. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылган. 190 миң 30 адам аралыктан добуш берди.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча айрым округдарга байланыштуу талаш-тартыш уланууда. Айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Жанарбек Акаевди, Улан Примовду жана Нуржамал Төрөбекованы тапкан.

Башта бул округдан гендердик квота боюнча алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошованын добушу мандат алууга жетпей калды. Ал Боршайкомдун чечимине каршы Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылып, арызы четке кагылды. Ал өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун билдирген.

№9, №26 округдар боюнча да талаш-тартыш уланууда. №9 округда гендердик квота боюнча шайлоодо алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталган. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG