Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 12-декабрда убактылуу Батыш автобекетин текшерип, айдоочулардын көйгөйлүү маселелерин жана сунуштарын укту. Ал шаардык милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жүргүнчү ташуу менен мыйзамсыз алектенген таксисттерге карата чара көрүүнү жана тиешелүү рейддик иш-чараларды өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Шаар башчысы мыйзамдуу негизде иштеп, шаар аралык каттамдарды убактылуу Батыш автовокзалы аркылуу аткарып жаткан таксисттерге лицензия артыкчылыктуу тартипте берилерин белгиледи. Ошол эле учурда муниципалитет мыйзамсыз жүргүнчү ташууну улантып жаткан айдоочуларга лицензия бербөөнү сунуштады.
Президенттин иш башкармалыгы "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, автобекеттин курулушун 2026-жылдын экинчи кварталында бүткөрүү пландалып жатканын 12-декабрда билдирди.
Быйыл жыл башында Айбек Жунушалиев Батыш автобекети болжол менен ушул жылдын күз айларында ишке берилерин айткан.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Бишкектеги жаңы "Ош" базары менен автобекеттин курулушу тууралуу маалымат берип, "акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган жаңы автобекет 2025-жылдын май-июнь айларында ишке берилерин" билдирген.
Былтыр 23-октябрдан тартып Бишкек шаарындагы Батыш автобекети ишин токтоткон. Муниципалдык бийлик аны шаардын түндүк-чыгыш четиндеги Алма-Ата көчөсү 1/1 дарегине жылдырганын жарыялаган.
Шаар тургундарынын жаңы автобекетке жетүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу нааразылыгынан соң өкмөт шаардын күн батыш четиндеги "Аккула" ат майданы жайгаша турган аймакка жаңы, заманбап автобекет куруларын билдирген. (КЕ)