Президент Садыр Жапаров 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйынында сүйлөп, кыргыз парламентинин тарыхы тууралуу айтып жатып партиялык системаны сынга алды. Мындай системада “кызмат орундары соодалашуу менен чечилип калганын”, “саясий коррупция айылдык деңгээлге чейин түшүп кеткенин” айтты.
“Ошентип өлкөбүз он жыл бою фракциялардын кызыкчылыгындагы кызыл чеке талаш-тартыш менен бир орундан жылбай турду десек болот. Тилекке каршы, ушундай коррупциялык система 2020-жылга чейин гүлдөп келди. Жыйынтыгында, мамлекетибиз чачырап кете жаздады. Партиялык системанын аброю түшүп, элдин бир эле парламентке эмес, жалпы бийлик бутактарына ишеничи таптакыр өчүп калды”, - деди Жапаров.
Ал айрым депутаттар “популисттик билдирүүлөр менен алектенгенин”, мыйзамдарды жеке жана чет өлкөлүк уюмдардын, жергиликтүү олигархтардын кызыкчылыгы үчүн жазгандар да болгонун айтты.
Мунун алдында Жогорку Кеңешке шайланып келген 87 депутатка мандаттары ыйгарылып, алар ант беришти.
Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган жана эми кайра шайлоо өтүшү керек.
Бул жолу шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90% түздү. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылган. 190 миң 30 адам аралыктан добуш берди.
2021-жылы референдум аркылуу Кыргызстандын башмыйзамы өзгөрүп, президенттик башкаруу кирген. Ага чейин президенттик-парламенттик республика болуп келген жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары азыркыдан көп болуп, өкмөттүн курамын бекитүү, жетекчилерди алмаштыруу сыяктуу маселелер депутаттардын колунда болгон.