16-декабрда тажикстандык окуучуну өлтүргөн өспүрүм биринчи көрсөтмөлөрдү берди. РБК Орусиянын Тергөө комитетине шилтеме менен кабарлагандай, ал кылмышка бир нече убакыттан бери даярданып жүргөнүн мойнуна алды. Сурактын башка чоо-жайы ачыкка чыгарылган жок.
Тергөөчүлөр кол салуудан кийин мектепте жардыргыч заттар табылганын билдирди. Маалыматка караганда, сурактар жана иликтөө уланууда, шектелген окуучунун үйүндө тинтүү жүрдү.
Окуя шейшембиде Москва облусундагы Одинцово районундагы Горки-2 айылындагы мектепте болгон. 15 жаштагы Тимофей аттуу өспүрүм окуу жайга бычак алып кирип кол салганда күзөтчү менен 10 жаштагы бала жарадар болуп, кийин ал окуучу көз жумган. Маркум тажикстандык мигранттардын баласы экенин “Озоди” радиосу булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, Кобилжондун энеси ошол мектепте пол жуучу. Үч жыл мурун күйөөсү өлгөндөн кийин эки баласын жалгыз чоңойтуп келаткан.
Интернетте Тимофей өз кылгандарын видеого тартканы тууралуу маалымат тарады. Анда балдарды ээрчитип бараткан мугалимден алардын улутун сураганын көрүүгө болот.
Жергиликтүү медианын маалыматына караганда, ал буга чейин классташтарына жазган катында коомду жек көрөрүн айтып, расисттик идеяларын жашырган эмес.
Адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери менен кылмыш иш козголгон.
Бул окуя социалдык тармактарда катуу реакция жаратты.
Орусияда борбор азиялык мигранттар улутчулдардын колунан каза тапкан учурлар буга чейин да болуп келген.