Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:10

Орусиянын Краснодар аймагында дрон чабуулунан мунай заводунда өрт чыкты


Мунай иштетүүчү завод. Славянск. Архив
Мунай иштетүүчү завод. Славянск. Архив

Краснодар крайындагы Славянск-на-Кубани шаарына жасалган учкучсуз учактардын чабуулунан улам мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты.

Аймактын оперативдүү штабынан билдиришкендей, заводдун ичине дрондун сыныктары түшүп, "технологиялык жабдуулар жана 100 чарчы метр аймактагы өткөрүүчү түтүк күйгөн". Өрт өчүрүлгөн.

Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм каналдары мунай заводдогу өрт делген сүрөт жана видеолорду жарыялашты.

Орусиянын Коргоо министрлиги 17-декабрга караган түнү Украина тараптан учурулган 94 дрон алты аймактын жана Азов, Кара деңиздин үстүнөн атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Анын ичинде 31 дрон Краснодар крайынын үстүнөн жок кылынган.

Штабдын маалыматына ылайык, чабуулдан эки адам жабыркады. 13 миңге чукул адам жашаган Славянскиде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

Аймак губернаторунун орун басары Александр Руденко суу, электр энергиясы жана жылуулук өчкөнүнө байланыштуу 21 бала бакча жана үч мектеп убактылуу жабылганын маалымдады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Славянскидеги мунай заводуна сокку урулганын ырастады. Бутага алынган аймакта жарылуу жана өрт чыкканын билдирди.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Украина орус армиясын камсыздаган ишканаларды бутага алып келет.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG