16-декабрь күнү Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйүнүн ачылышы болду.
Иш-чарага Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.
Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык базарга чыгарууга, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана соода алаканы кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Соода үйүнүн ачылышына катышкан тараптар бул кадам Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү экенин белгилешти.
Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин басып алган.
2024-жылы Кыргызстан “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган. (ZKo)